Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:58

УГО ЧАВЕС ОРУСИЯДАГЫ САПАРЫНА ЫРААЗЫ


Венесуэланын президенти Уго Чавес Орусиядагы иш сапарын улантып, бүгүн (жума күнү) президент Дмитрий Медведев менен Оренбург шаарында сүйлөшүү жүргүздү. Чавестин бул жолку сапары да анын саясатын жактырбаган расмий Вашингтондун ого бетер итиркейин келтирээри бышык. Өзгөчө алганда, өзөктүк отун жана аскердик долбоорлор жаатындагы орусиялык-венесуэлалык эки тараптуу келишим АКШнын купулуна толбой тургандыгы ажеп эмес.

Президент Уго Чавес (Hugo Chavez) оболу бейшембиде (25-сентябрда) Маскөөнүн чет жакасында Орусиянын премьер-министри Владимир Путин менен сүйлөшүү жүргүзүп, бул өлкө менен эки тараптуу кызматташтыкты тереңдетип, улам жаңы орток пикирлерди таап жатканына ыраазы экенин билдирди.

Чавес тамашага чалып, Орусиянын ызгаардуу кышын эске алды:

- Мени кыш мезгили келе электе Маскөөгө кайрадан чакырганыңыз үчүн чоң ыракмат!

Чавестин тамашасын Путин да жайдары кабыл алып, өзөктүк кубат жаатында эки өлкөнүн өз ара кызматташтыгында жаңы сере башталаарын баса белгиледи:

- Биз өзөктүк кубатты тынчтык максатта колдонуу жаатында кызматташуу мүмкүнчүлүгүн карап көрүүгө даярбыз.

Расмий Маскөөнүн өзөктүк кубат жаатындагы технологиялык табылгаларынын айрым бөлүгүн Венесуэла менен бөлүшүү сунушу Орусия өкмөтү Ирандагы талаш-тартыштуу өзөктүк долбоор тууралуу сүйлөшүүлөрдү токтотуп койгондон бир аз күн өткөн соң айтылганын серепчилер белгилешүүдө.

Айтмакчы, Иран да өзөктүк технологияны тынчтык максатта түптөө жаатында Орусиянын көмөгүн жана кеңешин алган.

Ал эми Латын Америкасындагы ушул тапта өзгөчө анти-америкалык маанайы менен айырмаланган мамлекет менен Кремлдин өзөктүк кубат жаатында кызматташуусу жана бул өлкөнүн өзөктүк куралдары бар өлкөлөрдүн катарына кошулуу мүмкүнчүлүгү расмий Вашингтондун ачуусун келтириши ыктымал.

Чавес үчүн Вашингтон менен тирешүү көнүмүш саясатка айланган. Ал президент Бушту шайтанга теңеп, үстүбүздөгү айда АКШнын Каракастагы элчисин өлкөдөн чыгарып жиберген.

Маскөө болсо августтагы Грузия менен Орусиянын согуштук жаңжалынан кийин Вашингтонго сыртын салып, АКШ өкмөтүнүн душманы Чавес менен достук мамилелерди өзгөчө чыңдап кирди.

Сентябрда орусиялык флот Венесуэладагы деңиз аскерлеринин биргелешкен машыгуусуна катышуу үчүн аттандырылды. Андан тышкары, Орусия бул өлкөгө курал-жарактарды көбүрөөк сата баштады; 2005-жылдан бери эле Венесуэла өкмөтү дээрлик төрт жарым миллиард долларга орусиялык курал-жарактарды, учактарды, 100 миңдей Калашников автоматын жана башка куралдарды сатып алды.

Эми Чавес Орусиянын 1 миллиард доллардык насыя акчасын алуу тууралуу Кремл менен убадалашты. Бул каражатка ал кайрадан эле орусиялык курал-жарактарды жана учакка каршы колдонулчу жабдууларды сатып алмакчы.

Андан тышкары, Венесуэланын өкмөтүнүн карамагындагы мунайзат компаниясы менен орусиялык Газпром жана башка бир катар мунайзат компаниялар биргелешкен ири мунайзат консорциумун түзгөн жатат.

Оренбург шаарында жума күнкү Чавес менен жолугушуусу маалында орус президенти Дмитрий Медведев эки тараптуу алакалар өзгөчө динамикалуу түрдө өнүгүп жатканына ыраазы экенин билдирди.

Эки мамлекет башчысы Оренбург аймагында ири аскердик машыгууну байкап турушту. Машыгууга аскер учактары жана брондуу аскердик унаалар катышканын орусиялык өкмөттүк маалымат каражаттары билдирди.

XS
SM
MD
LG