Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:32

ТҮРКИЯ: ӨЗӨКТҮК КУБАТ ИШКАНАСЫН КУРУУ БОЮНЧА ТЕНДЕР МАЙНАПСЫЗ АЯКТАДЫ


Отун-кубат жаатында чет өлкөлүк булактарга кыйла көз каранды болгон Түркия өзүнүн алгачкы өзөктүк кубат ишканасын куруу боюнча тендер уюштурду. Бирок шаршемби күнкү тендер майнапсыз аяктап, расмий Анкараны оңтойсуз абалга калтырды.

Түркия энергетика менен тейленүүсүн көп тармакташтыруу жана отун энергетикасы боюнча улам кымбаттап бараткан сыртка көз карандылыгын кыскартуу максатында өзөктүк энергетика станциясын курууну чечти.

Өлкөдө айлана чөйрөнү коргоочу жарандык уюмдардын катуу каршылык билдиргенине карабастан өкмөт, Жер ортолук деңизинин жеегиндеги Мерсин шаарында өлкөнүн алгачкы өзөктүк энергетика станциясын куруу боюнча жакын арада эл аралык тендер уюштурду. Бирок тендерден күтүлбөгөн натыйжа чыгып, өкмөттүн 2015-жылына чейин станцияны куруу жөнүндөгү ойлогон максаты чоң запкы жеди.

Анткен себеби, адегенде эл аралык фирмалардын чоң кызыгуусун пайда кылган тендерге Россиянын “Атомстройэкспорт” жана “ИнтерРао” фирмасы менен Түркиянын “Парк Техник Груп” аталган фирмасынын катышуусундагы консорциум гана ат салышты.

4000 мегават кубатында болуусу пландалган станция, Түркия өзүнүн улам артып бараткан энергетика керектөөсүн камсыздоо жана табигый газ сатып алуу боюнча Россия менен Иранга болгон көз карандылыгын кыскартуу максатында курууну пландаган 3 өзөктүк энергетика станциясынын алгачкысы болмок эле.

Шаршемби күнү тендер комиссиясынын төрагасы Яшар Чакмак мырза басма сөз тарабынан абдан чоң кызыгуу менен байкоо салынган тендерды ачуу аземинде буларды айтты:

- Тендерга бешинчи катарда Россиянын “Атомстройэкспорт” жана “ИнтерРао” фирмасы менен Түркиянын “Парк техник груп” фирмасынын катышуусундагы консорциум таклип берди.

Бул билдирүүдөн көп өтпөй туруп, тендерга катышкан 6 фирманын бешөө жөн эле ыраазычылык билдирген кат тапшырганы жана бир гана таклипти аты аталган консорциум жасаганы маалым болору менен комиссиянын маанайы бузула түштү.

Айрым серепчилердин пикиринде, мындайча натыйжанын башкы себепчиси, тендерга даярдык көрүү боюнча эл аралык фирмаларга жетиштүү убакыт бербеген өкмөт. Премьер-министр Режеп Тайып Эрдогандын өкмөтү өлкөдө кийинки бир жыл ичинде кыйла оорлошкон ички саясий абалды, экономикалык тармактагы ийгиликтери менен тең салмакташтыруу жана эл аралык базарлардагы чайпалуулар Түркиянын чет элдик инвестицияны тартуусун чабалдатпай турганын далилдөөгө ынтызар.

Бирок бул максат кийинки тендердан байкалгандай ордунан чыкпай турган шекилдүү; анткени тендерга АКШнын Вестингхаус жана Франциянын “Арева” аталган ири фирмалары кызыгышкан жок. Адистердин пикиринде өкмөт бул жеңилүүдөн кийин шаршемби күнкү тендерди алып салуусу же кийинкиге калтыруусу күтүлөт. Бул болсо, өлкөдөгү өзөктүк энергетикага каршы болгондорду күчтөндүрүп өкмөттүн бул тууралуу программасы чоң жеңилишке учурап калышы ажеп эмес.
XS
SM
MD
LG