Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:34

ТҮРКМӨНСТАНДА ЖАҢЫ КОНСТИТУЦИЯ КАБЫЛ АЛЫНДЫ


Түркмөнстанда ушул жума күнү жаңы Конституция кабыл алынды. Документти жаңы Баш мыйзамдын кабыл алынышы менен жоюлган – Халк маслахаты жактырды.

Эки жарым миң адамдан турган Халк маслахаты Түркмөнстанда мамлекеттик бийликтин эң жогорку органы катары эсептелчи. Эми ал жоюлуп, ыйгарым –укуктары президент менен парламенте бөлүштүрүлүп берилди, бирок мамлекет башчысынын ыйгарым укуктары да кеңейтилди.

Ошондой эле жаңы Конституция биринчи ирээт көп партиялуу системаны жана базар экономикасын колдойт. Атуулдардын жеке менчикке укугун ырастайт. Мындан сырткары жаңы Баш мыйзамда референдум өткөрүү мүмкүнчүлүгү да каралды. Маалымат агенттиктеринин билдиргенине караганда, президент Гурбангулу Бердымухаммедов Халк маслахатынын отурумунда жаңы Конституция өлкөнү "көбүрөөк демократиялаштыруу" үчүн керек болгонун белгилеген.

Орусиялык профессор, Европадагы Коопсуздук жана кызматташтык уюмунун эксперттик тобунун катарында Түрмөнстандын жаңы Конституциясынын долбоорун иликтеп чыккан Андрей Медушевски "Азаттык жана Эркин Европа" радиосуна берген интервьюсунда бул жолку реформада чын эле чоң жылыштар бар экенине токтолду:

-1992-жылдан бери төрт реформа жасалган. Ал реформалардын үчөөсү Ниязовдун дооруна туура келет. Албетте, анын мезгилинде Конституция номиналдуу гана мүнөзгө ээ болчу. Акыркы реформа мындан бир жылча мурун болгон. Бул жаңы кырдаал жаралган, жаңы президент келген учур. Азыркысы - бешинчи реформа. Андыктан, албеттте, бешинчи реформа мурда болгондордон кыйла айрымаланат.

Орусиялык профессор Андрей Медушевски ошондой эле Түркмөнстан жаңы Конституцияда бийликтин баардык бутактары: парламент менен өкмөт мүчөлөрү, сот бийлигинин өкүлдөрү, коомдук уюмдардын баарынын жетекчилери, жалпысынан 2507 киши кирген, структуралары жана функциялары аныкталбаганы менен конституциялык эмес чечимдерди легитимдештире алган Халк маслахаты сыяктуу "патриархалдык органдын" жоюлушу оң кадам экенин кошумчалады:

-Андыктан, менимче анын жоюлушу албетте алдыга кадам. Бул реалдуулукту таанууну көздөй кадам деп айтаар элем.

Ал эми четке кетүүгө кетүүгө мажбур болгон түркмөн диссиденттеринин бири Аннадурды Хаджиев Конституцияда өзгөрүүлөр бар, бирок бийлик мурдагыдай эле бир адамга гана таандык бойдон калды деп эсептейт:

- Менимче бул кадам эмес, жарым кадам. Аны конституциялык реформа катары кароо ылайыксыз. Албетте, өзгөрүүлөр бар. Бирок менимче, Конституция мурдагыдай эле калды. Бүткүл бийлик бир адамга таандык.

Аннадурды Хаджиев жаңы Конституциянын кабыл алынышы менен эле Түркмөнстанда көп партиялуу система орноп кетерине ишене бербейт:

- Эски Конституция боюнча деле партияларды каттоо мүмүкүн эле. Бирок бийлик буга барууга даай алган эмес. Себеби башкача ойлонгондордон, башкача пикирден чоочуйт. Мен түркмөн бийликтери көп партиялуу система, азыр иштеп жаткан партия менен атаандаш болуучу партиялардын түзүлүшүнө жол берет деп ойлобойм.

Байкоочулар белгилеп жатышкандай, жаңы Конституция кабыл алынганы менен эми анын жоболорун ишке ашыруу милдети турат. Түркмөн бийликтери бул вазийпаны кандай аткарат, муну убакыт көргөзмөкчү.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG