Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:55

Бүгүн - Туризмдин дүйнөлүк күнү


Тайланддагы туристтер. 2005-жылдын 7-декабры.
Тайланддагы туристтер. 2005-жылдын 7-декабры.

Бүгүн, 27-сентябрь - Дүйнөлүк туризм күнү. Ушуну менен жыйырма тогузунчу ирээт белгиленип жаткан бул күндүн быйылкы темасы: "Туризм – климаттын өзгөрүү чакырыктарына жооп" деп аталат. Адистер туризмди, эгер талаптагыдай чара көрүлбөсө, глобалдык жылуулуктун биринчи курмандыгы болуучу жана мунун кесепеттерин азыр эле сезе баштаган тармак катары эсептешет.

Климат бүгүн Дүйнөлүк күнү белгиленип жаткан туризмдин негизги ресурсу экени айныксыз. Элестетип көрөлү, эгер тоодо кышкы эс алууну уюштурууга адистешкен курорттор глобалдык жылуулуктун айынан карсыз калса, эмне болушу мүмкүн? Чара көрүлбөсө ушундай ыктымалдуулук бар экендиги тууралуу жоромолдор эл аралык жыйындарда айтылып келе жатат.

Жеффри Липман (Geoffrey Lipman) Дүйнөлүк Туризм уюмунун башкатчысынын жардамчысы. Ал биз менен маегинде климаттын өзгөрүшү быйылкы Туризм күнүнүн темасы катары алынышы бекеринен эмес белгиледи:

- Анткени климаттын өзгөрүшү дүйнө тааныган реалдуу көйгөй жана бир нерсе жасалуусу керек. Климаттын өзгөрүүсүнөн туризмге да таасири тийет, туризм да булганыч газдардын бөлүнүшүнө салым кошууда. Андыктан биз климаттын өзгөрүүсүнө карата туризм конструктивдүү жооп берүүгө милдеттүү экенин көргөзүү үчүн аны дүйнөлүк туризм күнүнүн темасы катары алуудан башка жакшы жол жок деп эсептейбиз.

Алдыда айтылгандай, туризм тармагы климаттын өзгөрүшүнүн кесепеттеринен жабыр гана тартпастан, өзү да ошол өзгөрүүлөрдүн бир себеби болууда.

Анткени тармак автоунаалар менен автобусттардан, учактар менен поезддердин ары бери каттосунан, кондиционерлер менен муздаткычтардын ишинен көз каранды. Булардын баары өз кезегинде абага булганыч газдардын бөлүнүшүнүн бир булагы катары эсептелет.

Былтыр туризм жана климаттын өзгөрүшү боюнча Швейцариянын Давос кааласында өткөн экинчи эл аралык конференцияда белгиленгендей, туризм индустриясынын үлүшүнө бүткүл дүйнө боюнча абага бөлүнгөн көмүр кычкыл газынын 5%ы туура келет экен. Былтыр октябрда өткөн бул конференциянын соңунан Давос декларациясы деген документ кабыл алынган. Анда тармак климаттын өзгөрүшүнө каршы кандай чараларды көрүш керектиги айтылат.

Бирок алдыда маселенин эң кыйыны ошол айтылгандарды ишке ашыруу жараянын баштоо милдети турат. Бул тууралуу быйылкы Туризм күнүн конок ээси – Перу мамлекетинде 27-сентябрда өтүүчү эл аралык конференцияда сөз болмокчу. Кайра эле Бүткүл дүйнөлүк Туризм уюмунун өкүлү Жеффри Липманды угуп көрөлү:

-Бул баары бүгүн өзгөрүшү керек деген маселе эмес. Биз отуз жылдын аралыгына өзгөртүшүбүз керек. Биз түрдүү аспаптар аркылуу өзгөртүшүбүз абзел. Эң биринчи кезекте жасай турган нерсе- булганыч газдардын бөлүнүп чыгышын, туризм сектору өсүп жатканына карабай, мүмкүн болушунча кыскартууга ылайыкташуу. Себеби туризм секторундагы өсүш дүйнөлүк экономика үчүн маанилүү.

Булганыч газдардын бөлүнүшүн кыскартуу демекчи, аны кандай өлчөмдө кыскартуу эл аралык деңгээлде биротоло макулдашылып, милдеттендирген чечим кабыл алына элек маселе.

Буга чейин жактырылган эл аралык документ Киото протколунун мөөнөтү 2011-жылы аяктайт. Учурда жаңы макулдашууга жетишүү аракеттери жасалууда.

Быйыл Жапонияда өткөн саммитте Чоң сегиздин тобуна кирген өлкөлөр 2050-жылга карата булганыч газдардын бөлүнүшүн азыркыдан 50%га кыскартуу зарылдыгы боюнча бир пикирге келгени гана жарыяланган. Бирок жаратылышты коргоочулар жогорудагы мөөнөттү кеч жана өлчөмдү аз деп эсептешет. Адистердин айтымында, булганыч газдарды кыскартуу бул өндүрүштү азайтуу же жаңы технологияны табуу дегендик.

Дүйнөлүк туризм уюмунун өсүнүн божолмолунда, ааламда ары-бери каттаган туристтердин саны өсүү үстүндө гана болот. Былтыркы туристтердин саны 898 миллионду түзсө, 2020-жылга карата 1,6 миллиардга жетиши мүмкүн. Мындай шартта туризм индустриясы тарабынан чыгарылган булганыч газдар кантип кыскартылат. Туристтердин саны азайтуу сунуш кылынбайбы? Дүйнөлүк туризм уюмунун өкүлү Жеффри Литман мындай сурообузга:

-Бул уюм туура жана туруктуу туризм дүйнөлүк коомчулук үчүн эң жакшы нерсе деген ишенимде, өзгөчө жакыр өлкөлөр үчүн. Андыктан биз өсүштү кыскартууну жактабайбыз жана көздөбөйбүз. Биз секторго булганч газдардын бүлүгүш кыскартуунун жолдорун табууга жардам кылууну көздөйбүз. Өсүш адамдарга алып келген жакшы нерселери менен бирге улана бериши керек, - деди Жеффри Литман Дүйнөлүк туризм күнүнө байланыштуу биз менен болгон маегинде.

Жыл сайын Туризмдин дүйнөлүк күнүн белгилеп туруу чечими Улуттар уюмунун башкы ассамблеясы тарабынан кабыл алынган. Ал эми бул үчүн 27-сентябрдын тандалышы, 1970-жылдын дал ушул күнү Дүйнөлүк туризм уюмунун уставы кабыл алынгандыгына байланыштуу.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG