Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:07

15:20 Б.Абдырасаков: “БШК төрайымынын кетиши менен азыркы парламенттин эч кандай байланышы жок”


Жогорку Кеңештеги “Ак жол” фракциясынын өкүлү Бейшенбек Абдырасаковдун “Азаттыкка” билдирүүсү боюнча, БШКнын экс-төрайымы Клара Кабилова 2007-жылкы парламенттик шайлоо тууралуу мурда белгисиз маалыматтарды бериши мүмкүн,бирок аны азыркы парламенттин мыйзамдуулугу менен байланыштырууга негиз жок. Себеби, парламент өлкө муктаж бир катар мыйзамдарды кабыл алып, жемиштүү иштеп,татыктуу адамдар тандалгандыгын далилдеп жатат. Ал эми жеңишке жетпей калган оппозициячыл партиялар мурда билдиргендей добуш берүүнүн жыйынтыгы бурмалангандыгын далилдөөчү маалыматтар Кабиловада болсо аны прокуратура тергөөгө тийиш,-дейт депутат. “Жарандык коом жана демократия үчүн” коалициясынын жетекчиси Динара Ошурахунова БШК төрайымынын билдирүүсүнөн кийин парламенттик шайлоонун жыйынтыгы бурмаландыгын аныктоого бул окуя жакшы түрткү берет жана Кабилова аны далилдеген маалыматтарды берсе азыркы парламенттин мыйзамдуулук маселеси көтөрүлөт деп билдирген болчу. (BD)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG