Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:18

15:25 Ж.Жолдошева: БШКнын мурдагы төрайымы К.Кабилованын жоругу – жоопкерчиликсиздик


БШКнын мурдагы мүчөсү Жылдыз Жолдошева жергиликтүү кеңешке шайлоо алдында К.Кабилова өзүнүн жоопкерчиликсиздигин, иш билгиси жок экендигин көрсөттү деген ойдо. Анын пикиринде Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымына президенттин уулу эч басым көрсөтө албайт болчу. Бул жөн гана шылтоо. “БШК – парламенттин, президенттин, аягында элдин тагдырын чече турган орган. Андыктан бул кызмат орунга “көчөдөн келген айымды” алып барып отургузбаш керек болчу” – дейт БШКнын мурдагы мүчөсү. Ал бийлик мындан ары маанилүү кызмат ордуна дайындоолорду жүргүзүүдө талапкерлердин психологиялык саламаттыгын да текшерүүгө алыш керек деп эсептейт. (EK)

XS
SM
MD
LG