Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 15:01

Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы болуп иштеп келген Клара Кабилова жума күнү өлкөдөн чыгып кетти. Видеотасма аркылуу тараткан билдирүүсүндө ал мындай кадамын президенттин уулу тарабынан жасалган коркутуп-үркүтүүлөр менен байланыштырып, аны камакта отурган талапкер Ишенбай Кадырбеков тууралуу БШКнын токтому менен байланыштырды. Өз кезегинде президент Клара Кабилованы кызматынан алып, анын ордуна Дамир Лисовскийди убактылуу дайындады. “Азаттыктын” “Апта окуясы” берүүсүнүн бул жолку чыгарылышында ушул окуянын тегерегинде сөз болмокчу.

Клара Кабилова видеотасма аркылуу анын БШК төрайымдыгынан баш тартышына жана Кыргызстан аймагынан чыгып кетишине президенттин уулу Максим Бакиев тарабынан коркутуп-үркүтүүлөр түрткү болду деп билдирди:

- Мен Борбордук шайлоо комиссиясынын шаардык кеңешке депутаттыкка талапкер Кадырбековдун шайлоо укугун камсыздоо боюнча отурумунан кийин президенттин уулу Максим Бакиев тарабынан коркутуп-үркүтүүлөргө, уят сөздөр менен мазактоого кабылдым. Эгер Максим Бакиев мени коркуткусу келсе, ал максатына жетти, эгер ал мени мазактагысы келсе ага жетти.

Кабилованын айтымында, коркутуп-үркүтүүлөр учурда камакта отурган Ишенбай Кадырбековго байланыштуу БШК кабыл алган токтомдон кийин башталган.
БШК 19-сентябрда Каржы полициясынын сунушун четке каккан болчу. Каржы полициясы БШКга Кадырбековду камакта кармоону улантууга уруксат сурап эки жолу кайрылган.
БШК болсо өз токтомун Шайлоо кодексине Жогорку Кеңештин конституциялык мыйзамдуулук комитетинин түшүндүрмөсүнө, көз карандысыз юристтер палатасынын бүтүмүнө таянып чыгарган. Бул тууралуу 24-сентябрда өткөн биринчи май райондук сотунда БШКнын өкүлү Акмарал Абдывалы кызы билдирген болчу:

- Биз биринчи жолкусунда Каржы полициясына сот органдарына кайрылууну сунуш кылган жооп бергенбиз. Экинчи жолу Каржы полициясынан 17-сентябрда дагы бир жолу кат алдык. Анда дагы Кылмыш кодексинин 28-беренеси боюнча БШКнын макулдугусуз камакта кармай албайт экенбиз, ошондуктан уруксат берүүнү сурайбыз деген экен. Ошондон кийин биз отурумга чогулуп, анда сунушту аткаруудан баш тартуу менен талапкердин укугун камсыздоону чечтик. Анткени мыйзамда талапкерлер бирдей укукка ээ деп көрсөтүлүп турат.

БШКнын Кадырбековго байланышкан токтомун жокко чыгарууну сурап райондук сотко Асанбай шайлоо округу боюнча талапкерлердин бири Рахат Бейшенбаев арыз берген. Анын адвокаты Александр Мошин сотто токтомду БШК мыйзамга таянбай, төрайымдын түшүнүгүнө жараша кабыл алынган деп билдирген:

- Азыркы жагдайда укуктарды камсыздоо багытында башка тиешелүү органдар, уюмдар аракеттенет. Анын үстүнө кармалган адамдын баш коргоо чарасын өзгөртүү, эгер ал талапкер болсо, тиешелүү сот органдарынын милдети деп бул жерде так, даана жазылып турат. Эгер БШК Кадырбековдун талапкердик укугу бузулуп жатат деп эсептесе, бул жерде Кылмыш-процессуалдык кодексти пайдаланса болмок. Бирок анткен да эмес.

Жыйынтыгында Биринчи май райондук соту БШКнын токтомун жокко чыгарган. Ошол эле күнү Кадырбековдун баш коргоо чарасын өзгөртүү тууралуу адвокаттардын арызын Бишкек шаардык соту карап, райондук соттун 26-октябрдагы чечимин күчүндө калтырды.

Кадырбеков кызматын аша чаап пайдаланды деп, Кылмыш кодексинин бир нече беренеси боюнча айыпталып жатат. Тергөө жүрүп жатканын билдирген каржы полициясынын тергөөчүсү Ислам Боров болсо апта ичиндеги сотторго чейин да, соттордон кийин да кандайдыр бир билдирүү жасаган жок.
Ушундай жагдайлардын бардыгын эске алган оппозиция жана жарандык лидерлер Кабилованын билдирүүсүн Ишенбай Кадырбековдун айланасындагы окуялар менен түздөн-түз байланышы бар деп чыгышты. Социал-демократтар партиясынын парламенттеги фракциясынын мүчөсү Роза Отунбаева жума күнкү өкмөттүк саатта сүйлөгөн сөзүндө Юстиция министринин орун басары Сергей Зубовго кайрылды:

- Зубов мырза, силерде, дубалдын артында отурган Кадырбековдун коопсуздугу үчүн сиз жеке жооп бересиз. Ал соо-саламат болушу керек ал жерде.

Кабилованын билдирүүсүнөн кийин Кадырбековдун коопсуздугуна коркунуч туулушу мүмкүн деп эсептеген Өмүрбек Текебаев маалымат жыйынында депутаттарга кайрылган болчу.

Ал эми СДП фракциясынын башчысы Бакыт Бешимов болсо Клара Кабилованын билдирүүсүнүн негизинде өлкөдөгү саясий кырдаалды сессияда кароого чакырды. Бешимовдун журналисттерге билдиргенине караганда, БШК төрагасы сыяктуу мамлекеттик жогорку кызматкердин коопсуздугунун кепилденбей калышы кооптуу:

- Биз талап кылабыз, эгерде чынында эле президент коррупцияга каршы күрөшөм десе, укук коргоо органдарынын жетекчилерин, баш прокурордон тарта кызматтан кетирип, алардын ордуна оппозиция өкүлдөрүнөн киргизсин. Ошондо гана бул иш объективдүү түрдө аягына чыгаарына ишенсек болот. Андай болбосо баягы “матрешка” чатагындай эле бүтүп калат, эч жакка чыкпай. Биз мындан терең жыйынтык чыгарышыбыз керек. Эгерде жогорку кызматта турган адамдарды Бакиевдин үй-бүлө мүчөлөрү минтип коркута берсе, анда бүт өлкө коркунучта десе болот.

Кабилованын акыркы аракеттерин утурумдук Дамир Лисовский жетектеп жаткан БШК мурдагы төрайымдын ишмердүүлүгүндөгү түзүлгөн кырдаалдан чыгуу үчүн кандайдыр бир белгисиз тараптан жабырлануучу катары көрсөтүү катары баалады. Билдирүүдө айтылганга караганда, Клара Кабилова өзү иштеп турган учурда БШК аппаратынын 90 пайыздан ашыгы алмашты:

- БШКнын мурдагы төрайымы Клара Кабилованын жеке дымагынын, ишти билбестигинин айынан ал иштеген учурда БШК аппаратынын 99 пайыздан ашыгы алмашты. Башкы бухгалтер төрт ирет алмашты. Төрайымдын кесипкөй эместигинин айынан келаткан шайлоонун бюджетинин долбоору өз учурунда өкмөткө берилген эмес. Ага жараша долбоор 2008-жылдын бюджетине кирбей калган.

Лисовский ошондой эле БШК мүчөлөрү бири да эч кандай коркутууларга кабылбаганын билдирди. Ушул эле күнү аты аталбаган булактарга таянып айрым маалымат каражаттары Кабилова жергиликтүү кеңештерге шайлоого керек болгондон беш эсе көп каражат өкмөттөн сураганын жазып чыкты. Оппозиция болсо мындай көрүнүштү БШКнын мурдагы төрайымына көө жаап, өзүн актоо үчүн жасаган бийликтин салттуу аракети катары баалап жатат.

Бул аралыкта президенттин маалымат кызматы Клара Кабилованын билдирүүсү боюнча тиешелү органдар сөзсүз иликтөө жүргүзөрүн билдирип, бирок президентке байланышкан маалыматты төгүндөдү. Президенттин маалымат катчысы Нурлан Шакиев мындай деди:

- Клара Кабилова 24-сентябрда саат 15.00гө президенттин кабыл алуусуна жазылып, бирок келбептир. Президент бул күнү аны күткөн.

БШКнын мурдагы төрайымынын билдирүүсү боюнча, оппозиция толук курамында берген маалымат жыйынында айтылганга караганда, Клара Кабилованын президент Курманбек Бакиев менен жолугушуу, президенттин күзөт кызматынын башчысы Жаныш Бакиев менен телефон аркылуу байланышуу аракетинен майнап чыкпай койгон.

Клара Кабилова Кыргызстандын коомдук-саясий чөйрөсүндө 2005-жылкы март окуясынан кийин пайда болду. Конфликттерди изилдөөчү жана саясат таануучу адегенде президенттин пресс катчысы болуп иштеп, андан кийин президенттин алдындагы Стратегиялык илим изилдөө институтун башкарган. Ал эми БШКга Кабилованы президент парламенттик шайлоонун алдында келген. Кыйла байкоочулар Клара Кабилованы парламенттик шайлоодо “Ак жол” партиясынын камчысын бийликтин оюндагыдай чаап берип, натыйжада “Ата мекен” партиясы мандаттан куру жалак калгандыгын айтып жүрүшөт.

“Шайлоо ачык, чынчыл, эл аралык нормалардын чегинде өттү”, - деп билдирген эле 20-декабрда парламентте Кабилова. Оппозиция болсо Кабилова кызматынан, өлкөдөн кетип жаткандагы билдирүүсүнө таянып, ал парламенттик шайлоо жыйынтыгы боюнча да билдирүү таратарын кыйытты.

Бул аралыкта жарандык коом лидерлери Борбордук шайлоо комиссиясы ушундай жагдайда буга чейинки мыйзам бузуулардын бардыгын ачыкка чыгарышы керек деген пикирлерди айтып жатышат. Клара Кабилова баштаган БШК менен парламенттик шайлоо жараянына байланыштуу “Демокартия жана жарандык коом үчүн” коалициясы узак мөөнөттүү соттошуп, майнап чыгара албай койгон. Учурда бул уюм жергиликтүү кеңештерге байкоо жүргүзүп жатат. Анын лидери Динара Ошурахунова Кабилова кызматтан кеткенден кийин жаңы билдирүү менен чыкса, ал парламенттик шайлоонун тыянагын кайра кароону шарттамак деген ойдо. Ошурахунованын пикиринде, жергиликтүү кеңешке шайлоо алдында түзүлгөн БШКдагы жагдай добуш берүүгө терс таасир этеби деп чочулар турат.

Ал эми БШК төрагасынын милдетин убактылуу аткарып жаткан Дамир Лисовский жергиликтүү кеңештерге шайлоону өз нугунда кадимкидей уюштурууга кудурети жетет деп ишендирди.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG