Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:45

Жоолукчан кыздардын окуу жай жетекчилигине даттануусу көбөйдү


Элеонора Бейшенбек кызы, Бишкек Кыргызстанда жоолук салынып, хиджаб кийген айрым кыз-келиндер окуу жайларда дин тутуу эркиндиги чектелип жатат деп нааразыланышууда. Өлкө бийлиги болсо бул айыптарды четке кагып, мектеп, университеттер ички уставына жана мамлекеттеги мыйзамга жараша иш алып барып жатканын тастыктап келет.

Бактыгүл Мамбеталиева Бишкектеги Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин экинчи курсунун студенти. Жоолук салынып жүргөндүгү үчүн ушул жайкы сессияда экзаменге киргизилбей кала жаздаган:

- Мектепте да бул менин башкы көйгөйүм болчу. Күнүгө барсам, күнүгө эле жоолукту чеч дей беришчү. Эптеп чыдап, университетке тапшырсам, университетте да ушундай проблемам болуп жатат.

Бактыгүлдүн айтымында, анын жоолук салынып келишине эң биринчи “Манас” университетинин проректору Угур Орал каршы болууда. Проректор каршылыгын аталган окуу жайда жоолукка салынган тыюу менен түшүндүргөн. Бактыгүл болсо муну өзүнун укугунун бузулушу катары баалап жатат:

- Алланын өкүмү болгондон кийин мен жоолугумду чечпейм дедим. Эгерде дагы кыса берсе университеттен кеткенге аргасыз болом. Бирок мен колумду куушуруп отура бербейм. Барчу жерлерге барам.

Жамал Фронтбек кызы “Мутакалим” мусулман аялдар коомунун төрайымы. Анын айтымында жоолукчан кыздардын укугунун тебеленип жатышы акыркы кезде көп учурай баштады. Ушундан улам аталган коом президентке жана парламентке кайрылуу даярдап жатышат:

- Айрым мугалимдер мазактап, жоолукчан 11-13 жаштагы кыздарыбызды сабакка киргизбей кубалап жатыптыр. “Кеткиле, бул мусулман мамлекети эмес, силер мындай кийбешиңер керек”, деп. Бул адам укугун бузгандык. Кичинекей эле мектептин ичинде буйрук чыгарып алышып, ошону кыздардын ата-энелерине такап, кыздарына төрт-үч коюп кыздарыбыздын шагын сындырып, келекелеп атышыптыр.

Дин иштери боюнча мамлекеттик агенттик жоолук салынуу маселесин ашкере саясатташып кетти деп эсептейт. Аталган агенттиктин башчысынын орун басары Канатбек Мурзахалилов адам укугунун бузулушу деген фактыга жамынып алып аз сандагы адам бул маселени өз кызыкчылыгына козутуп жатат:

- Эч кандай мусулман аялдардын укугун тепсөө деген жок. “Билим берүү жөнүндөгү” мыйзам бар, мектептин өзүнүн ички уставы бар, ошонун негизинде гана иш кылыш керек. Муну айрыкча саясатташтырып жатышат. Бул өтө чоң деле проблема эмес. Бир-эки эле адам проблема кылып жатышат. Эч ким аларды басынткан жок.

Өлкөнүн билим берүү министрлиги окуу жайлардагы жоолукчан кыз-келиндерге байланыштуу көйгөй бар экенин танбайт. Билим министринин орун басары Анотолий Иванников мектептерде бирдиктүү форма киргизилсе ушул сыяктуу маселелер азайышы ыктымалдыгын белгилейт:

- Бизди бул үчүн сындап келишет. Этап-этап менен мектептик форманы киргизүү менен ушул сыяктуу бир катар маселелелер чечилет. Ушундан улам ата-энелердин бирдиктүү форманын киргизилишин кызуу колдошу кокусунан болбосо керек. Биз деле бул маселени күчтөп жана тез чечүүгө болбой тургандыгын түшүнүп турабыз. Балдар үчүн бирдиктүү кийим кийүү кабыл алынбагандан кийин “Сиздин балаңыз дал ушундай кийинип келсин”, деп да айта албайбыз.

Кыргызстан баш мыйзамына ылайык секулярдык мамлекет эсептелет. Конституцияда дин мамлекеттен ажыратылган деп так айтылган. Өлкөдө дин тутуу эркиндигине кепилдиктер бар. Бирок талдоочулар учурда кыргыз коому ашкере исламдашып баратканын, ушундан улам айрым радикал исламчылар окуу жайларда жоолук салынып келүүнү талап кылуу сыяктуу иш-аракеттер менен кооптуу жагдайларды түзүшү мүмкүн экенин эскертишүүдө.

Октябрь айында кыргыз парламенти “Дин тутуу эркиндиги тууралуу” жаңы мыйзамдын долбоорун карайт. Азырынча ал долбоор тууралуу орток пикир жарала элек. Жаңы мыйзам жоолукчан кыздар менен алардын хиджаб кийишине тыюу салган окуу жай жетекчилерин жайгара алабы деген суроо ачык турат. “Азаттык+” телепрограммасы келерки чыгарылыштарында дал ушул маселелерди көтөрмөкчү.
XS
SM
MD
LG