Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:45

Ырысбай Абдыраимов, Жалал-Абат «Кылым шамы», “Жарандар коррупцияга каршы” укук борборлору менен «Демократия жана жарандык коом үчүн» бейөкмөт уюмдарынын өкүлдөрү Жалал-Абат облусунун аймактарын кыдырып жүрүшөт. Алар жалпы улуттук «Менин тандоомдун мезгили» деген жарандык демилгенин алкагында жергиликтүү кеңештердин шайлоосунда шайлоочуларды өз укуктарын кантип коргоонун жол–жоболоруна үйрөтүшүүдө. “Кылым шамы” укук коргоо борборунун башчысы Азиза Абдрасулова жолугушканда жарандар шайлоого ишеним жок экендигин, талапкерлер укуктары чектелип жаткандыгын билдиришкен. Борбордук шайлоо комиссиясы Жогорку Кеңешке болгон декабрдагы шайлоо жыйынтыгын жарыялаганда элдин ишениминен чыкмак эмес, деп эсептейт укук коргоочу. Азиза Абдрасулованы Жалал-Абаттагы кабарчыбыз кепке тарткан.

- Азиза, жарандарды шайлоо укугун сактоого үйрөтөөр улуттук «Менин тандоомдун мезгили» аттуу жарандык демилге кандай максатты көздөөдө?

-
Жарандык демилгенин алкагында Кыргызстан боюнча 35 жерде жолугушуулар болушу керек. Бүгүнкү күндө топтор Бишкек шаарынан региондорго чыгып кетишкен жана Кыргызстан боюнча ушундай жолугушуулар өтүп жатат. Биз эми Жалал-Абатта 6 жолугуушуну пландаштырганбыз. Жалал-Абаттан баштап Сузак, Базар-Коргон, Ноокен райондорун аралап өтүп, Ала-Букага чейин барабыз. Бул биринчи этабы. Экинчи этабында биз көз карандысыз байкоочуларды коюп, үчүнчү этабында болсо шайлоо өнөктүгү бүткөндөн кийин ошонун жыйынтыгына элдин көз карашы кандай болду, кандай укук бузуулар, кандай терс көрүнүштөр болду деген жыйынтык менен кайра дагы келип шайлоочулар, талапкерлер жана жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү менен жолугушууларды өткөрүп кетебиз.


- Жарандардын укугу толук эске алынбаган шайлоо кодексиндеги кенемтени кантип толтурууга болот?

-
Шайлоо кодексиндеги кемчиликтер, мүчүлүштөрдү байкадым. Шайлоодон сырттан добуш берүү, шайлоого бир күн калганда кечки саат алтыда акыркы арыз кабыл алынат. Ошондо суроо берип атат, кокус шайлоо күнү эртең менен ооруп калсам, анда мен добушумду бере албай каламбы деген. Бул дагы бир ойлонуучу маселе болуп атат. Ички паспорт (айдикарт) берилген жердин дареги жазылат. Мисалы Жалала-Абатта окуган, иштеген жаран Аксыдан мындай документ алган болсо Аксынын дареги жазылат, бул жерге келип каттоого турганына карабастан жазылбайт, биринчи эле катоосу калып калат. Булар ошол жерде жашап турганын кандай кылып далилдеш керек. Негизги каттоого туруу президенттин жарлыгы чыкканга чейин болуш керек, мындайча айтканда 4-августка чейин. Ал 4-августтан мурун эле каттоодо турган, бирок паспортунда ошол жок болсо, сотто кантип далилдейт. Сот эмнеге көңүл бөлүш керек. Ушул маселелер кодексте карлбай калган, шайлоо комиссиянын мүчөлөрү дагы, юристтер дагы ушул суроону чечмелеп жооп айта алышкан жок, ушул адамдардын тагдыры кандай болот дегенге. Биз ушул маселеге кайрылып парламенттин депутаттарынын алдына оңдотуп, түзөтүү киргизүүнү көтөрбөсөк бул талаш-тартыш жаратуучу жагдай экен деп калдык.

- Сидер талапкерлер менен дагы пикир алыштыңыздар. Алардын көз карашында шайлоого даярдыктар боюнча ушул тапта кандай кемчилик, мүчүлүштүктөр болуп атыптыр сиз айткандан башка?

-
Тизмелерди түзүү боюнча дагы кооптонууларды, шектенүүлөрдү жаратып атышат. Өткөн шайлоодо атайын кылынган эле, ушулар сотко кайрылып, сот аркылуу да кире албай калган болчу, азыр кандай болуп атат деген. Анан дагы бир өздөрүнүн шектенүүлөрүн айтып өтүштү, участкалык комиссияларды түзүүдө. Кайсыл критерийдин негизинде, кандай болуп участкалык комиссиялар түзүлүп калды. Биз ошонун түзүлгөнүн билбей калдык деген дооматтар коюлууда. Муну дагы мен жөндүү деп эсептейм жана бул ачык-айкын жүрүш керек эле.

- Жолгушууда шайлоого эл кайдыгер деген көз караштарын дагы айтышты. Эмне үчүн кайдыгер болуп атыптыр?

- Мен ошол суроого жооп берип атып айттым. Мисалы мен дыйкан болсом, бир жерге эгин эксем, ошол эгиним бир жыл, экинчи, үчүнчү жыл да болбой калса мен ошол жерге ошол эгинди экким келбей калат, ошол жумушту жасагым келбей калат. Анан бул жерде кайдыгерликтин бир себеби катары шайлоочулар жыйынтыгын көрбөй калып атышат, добушун берип атат, ал эми жыйынтыгы жок. Бүгүнкү күнгө чейин БШК парламенттик шайлоонун жыйынтыгын жарыялаган жок. Бул деген эккен эгиндин жыйынтыгы жок, менин берген добушумдун жыйынтыгы жок дегендик. Көбүнчө сатып алуулар, бийликтин киришүүсү чоң роль ойноп кеткенин моюнга албасак дагы шайлоочулар көрүп турат. Ошол дагы элди кайдыгерликке алып барып коюп атат. Элдин шайлоого болгон ишениминин жоголгону. Эми ишеним жоголгон деген бул өтө кооптуу нерсе. Элдин ишенимин эми кайра кайтарып алууга аракет кылыш керек. Эми кайтарып алуу үчүн сөзсүз ачык-айкын, таза шайлоо өтүш керек.

- Жолугушууга бийлик өкүлдөрүнүн мамилеси кандай болду?

- Өтө кыйналуу менен уюштурдук деп айтып атышат Жалал-Абаттагы жолугушууларды уюштургандар. Кайра-кайра жолугушуларды өткөрүп, кайра-кайра бул жакшы нерсе, жардам берели деп ынандырып отуруп, анан ушул жолугушууларды уюштурдук деп атат. Биз бийликтин артынан ээрчип аларды ынандырбастан, тескерисинче алар жарандык коомго кайрылыш керек эле, бизге жардам бергиле, уюштуруп бергиле, биздин бул жактан мүчүлүштүгүбүз бар, ошону жасашып бергиле, келгиле бирге иштешели деген сунушту бийлик жасаш керек эле.

- Маегиңизге рахмат!
XS
SM
MD
LG