Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:11

17:58 Чүйдө үгүт иштери өтө начар жүрүүдө


Бул туурасында кечээ шайлоочулар өздөрү белгилешти. Бөтөнчө айыл тургундарына шайлоо туурасында эч кандай маалымат берилбей жатат. Кайсыл шайлоо чөлкөмүнөн кимдер талапкер экендиги да белгисиз, дешет шайлоочулар. Ал эми Садовое айыл өкмөтүнөн айылдык кеңешке талапкер болгон Баялы Саркулов, алдын-ала ким депутат болоору такталып калган жана аны менен катар мыйзамсыз иштерге арбын жол берилип жатат дейт. Райондук кеңешке талапкер болгон Уран Рыскулов болсо жергиликтүү бийлик эл менен жолугушуу өткөрүүгө каршылык көрсөтүүдө деп кошумчалайт. Чүй облустук шайлоо комиссиянын төрайымы Рахат Иманбекова мыйзамсыз иштер болуп жатат дегенге макул эмес. Бирок жалпысынан Чүйдөгү шайлоого болгон активдүүлүк бул ирээт өтө төмөн экени белгиленүүдө.(JJ)

XS
SM
MD
LG