Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:04

АКШ өкүлү Пакистандагы кырдаалды “өтө чыңалган жана кооптуу” деп сыпаттады


АКШнын Куралдуу күчтөрүнүн Штаб башчыларынын бириккен комитетинин төрагасы, адмирал Майк Маллен (Mike Mullen) Пакистандагы кырдаалды “өтө чыңалган жана кооптуу” деп сыпаттады. Бирок адмирал Маллен америкалык жана пакистандык жоокерлер талип жоочуларына каршы биргелешип күрөшө аларына ишенерин билдирди. Бейшемби күнү (25-сентябрда) Ооганстан менен тогошкон чек аранын жанында АКШнын жана Пакистандын аскер күчтөрү ортосунда ок атышуу болгон. Журналисттер менен жолугушууда Майк Маллен америкалык жоокерлердин Ооганстандагы аскердик стратегиясын кайра карап жатканын айтты жана Пакистанда кырдаалды жөнгө салуу үчүн согуштук эмес усулдарды да кеңири колдонуу керек деди.

XS
SM
MD
LG