Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 11:38

АКШда президенттикке талапкерлер сыналгы талкуусунун биринчи айлампасына катышышты


Талкуу учурунда Республикалык партиянын талапкери Жон МакКейн жана анын Демократиялык партиядан чыккан атаандашы Барак Обама Орусиянын Грузиядагы аракеттерин бир ооздон кескин сынга алышты. Кечээ түнгө маал Миссиссипи университетинде өткөн талкуу учурунда Обама Иранга өзөктүк куралды өндүрүүгө жол бербөөсү керек, бирок Вашингтон расмий Тегеран менен дипломатиялык алакаларды түзүүгө аракеттениши керек деп айтты. МакКейн болсо, Иран президенти Махмуд Ахмадинежадды Израилди жер менен жексен кылууга аракеттенип жатат деп айыптап, Обаманын Иран менен эч даярдыксыз эле сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү сунушун сынга алды.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG