Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:06

12:22 Б.Наргозуев: “Өкмөттүн жемиштүү иштеши үчүн катуу тескөө зарыл”


Жогорку Кеңештин депутаты Бегалы Наргозуев мындай пикирин “Азаттыкка” өкмөттүн кышка даярдыгынын күмөн санатаарлык абалда болуп тургандыгынан улам билдирди. Анын айтымында, өкмөттүн убадасына эмес, ишинин натыйжасына карап баа берүү мезгили бышып жетти. Эгер өкмөт саясий маселелер менен алектенип, негизги милдети болгон чарба жүргүзүүнү унутта калтырса аны дароо алмаштырып, өкмөт мүчөлөрүн өң-таанышына эмес, кесипкөйлүгүнө карап дайындап, эл алдында отчет берүүгө милдеттендирүүдөн чочулоонун кереги жок. Ошондо өкмөт мүчөлөрү кызматын жоготуудан эмес, эл алдындагы милдетинен коркууга мажбур болот. (BD)

XS
SM
MD
LG