Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:03

14:55 Кыргызстандык эки байкоочу Беларустагы парламенттик шайлоого көз салууда


Беларус парламентинин төмөнкү палатасынын 110 депутаттык орду үчүн бүгүн шайлоо өтүүдө. Ага Кыргызстандын БШКсынын экс-төрайымы Клара Кабилова баштаган үч өкүлү байкоо салууга кетишкен. Бирок, БШКнын маалымат бөлүмүнүн кызматкери Мырзабек Аргымбаевден алынган маалыматка караганда, шайлоонун жүрүшү тууралуу алардан азырынча эч кандай маалымат түшө элек. Ал эми “Кылым шамы” укук коргоо уюмунун төрайымы Азиза Абдрасулованын баамында, Беларус президенди Александр Лукашенко шайлоо демократиялуу өтөт деп канча убада бергени менен жыйынтыгы бурмаланбайт деп ишенүү кыйын. Беларус президенти бул жолку шайлоо ачык жана калыс болот деп, чет өлкөлүк байкоочуларга добуш саноого катышууга уруксаат берген жана оппозициялык күчтөрдүн 70 талапкери катталган.(BD)

XS
SM
MD
LG