Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:46

“КАНДУУ СҮЙҮҮ” ТАСМАСЫ КӨРСӨТҮЛҮҮДӨ


Бишкектин “Манас” кинотеатрында коюлуп жаткан көркөм өнөр таануучу Жаныш Кулмамбетовдун “Кандуу сүйүү” кинотасмасы Кыргызстандагы бүгүнкү күндүн окуясынан алынып, негизинен жаштарды тазалыкка жана кечиримдүүлүккө үндөйт. “Керемет үкөк” аттуу маданий уктуруубуздун бул чыгарылышында ушул тасма тууралуу кеп болот.

“Кандуу сүйүү” чыгармасынын негизинде алгач театрларда спектакль коюлган эле. Жаныш Кулмамбетовдун айтымында жаш актерлордун бул пьесаны берилип ойношу, публиканын кызыгуусу – фильм тартууга белсентти. Чыгарманын сценарийи жана койгон режиссер белгилүү көркөм өнөр таануучу, кыргыз маданиятына эмгек сиңирген ишмер Жаныш Кулмамбетов.

Чыгармадагы окуяга кыскача токтолсок, тарыхый көркөм чыгармаларда Жаңыл Мырза, Соломея, Медея өңдүү аялзаттары өз сүйгөндөрүн өлтүргөнү белгилүү. “Кандуу сүйүүдө” эже-сиңдиге бирдей арзуусун арнап жүргөн Алымбек да акыры Зайнанын колунан өлүм табат.

Бул чыгарма аркылуу Кыргызстанга айрыкча эгемендиктин келиши менен адеп-ахлак жактан өтө эле эркин болуп кеткен жаштарыбызга – таза жана кечиримдүү болгула деген ойду айтууну көздөдүк деди чыгарманын автору Жаныш Кулмамбетов:

- Күнүмдүк жаңылыктардан, кабарлардан угуп эле келатабыз, бизде да кызганычтан улам өз өмүрүнө кол салган же жакшы көргөн адамын өлүмгө кыйган окуялар болуп жатат. Биз бул кинотасма аркылуу аларга сабырдуу жана кечиримдүү болгула, эгер бирөөнүн өмүрүнө кол салууга барсаңар, мындан да ашкан азапка каласыңар деген ойду айткыбыз келди.


Башкы каарман Алымбектин ролунда – ырчы жана актер Чыңгыз Мырзаев. Эже-сиңди - Зайнанын ролунда – Элмира Тагаева, ал эми Айнанын ролунда – Айнура Темирова. Кыргыз фольклорундагы каарман Жаңыл Мырзанын арбагын элестеткен кара кийинген аялдын ролунда – Гүлмира Ташиева. Тасма Бишкекте жана Ысык-Көлдө тартылды.

Ырчы Чыңгыз Мырзаев актер катары алгачкы жолу тартылышы. Ал тасмага тартылууда башынан өткөргөн кыйынчылыктар тууралу “Азаттыкка” төмөнкүчө ой бөлүштү:

- Актерлук – кесиптердин эң оору деп ойлойм. Кандай роль берилсе – мейли кулдукубу, мейли кандыкыбы – деңгээлине жеткире ойношуң керек. Албетте менин фильмге биринчи ирет тартылышым. Андыктан кемчиликтер жок эмес деп ойлойм. “Кандуу сүйүүгө” тартылууда кыйналган бир учурду айтчу болсом: ...Алымбекти өлтүрүп сүйрөгөн жери октябрь айында Ысык-Көлдүн жээгинде тартылды... Суук, жер былчылдап ылай...Ушул кадрга 21 дубль жасалган... Таң атканча тартуу жүрдү...

Жаныш Кулмамбетов учурда “Улуу сүйүү” аттуу кинотасманы тартуунун үстүндө иштеп жатат. Бул тасма “Кандуу сүйүүгө” тескери келип, таза, улуу сүйүүнү даңазалайт.

Жаныш Кулмамбетовдун биз сөз кылып жаткан “Кандуу сүйүү” кинотасмасын көрсөтүү Бишкектин “Манас” кинотеатрында 1-октябрга чейин созулмакчы. Бул тасманы аймак калкына көрсөтүү октябрь айынан тартып Ошто, Жалал-Абатта көрсөтүлө баштамакчы.
XS
SM
MD
LG