Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 07:26

Жаңыл Жусубжан, Прага ш. Бүгүн (жекшембиде) Беларуста парламенттик шайлоо өтүп жатат. Парламенттин төмөнкү үйү - Өкүлдөр палатасындагы 110 орун үчүн 260тан ашык киши, анын ичинде оппозициядан 70 чакты талапкер ат салышууда. Оппозиция добуш берүүнүн акыйкат болоорунан күмөн саноодо, бирок президент Александр Лукашенка шайлоо адилет өтөт деп убада берген. Шайлоого жүздөгөн европалык өкүлдөр жана КМШ өлкөлөрүнөн байкоочулар (алардын ичинде кыргызстандыктар да) байкоо жүргүзүп жатышат.

Парламенттик шайлоонун алдында президент Александр Лукашенка (орусча жазылыш варианты -Лукашенко) добуш берүү демократиялык эреже менен өтөт деп сөз берди:

- Эгер бул ирет да биздин шайлоо кайрадан бирөөлөргө жакпай калса, Батыштан бирөөлөр аны жактырбаса, анда биз Батыш менен бардык сүйлөшүүнү токтотобуз. Мен жакында Батыш маалымат каражаттарына интервью бергенде, бул шайлоо Беларустун конституциясына гана ылайык өтүп чектелбестигин, ЕККУ менен батыш байкоочулары каалагандай шайлоо өткөрүү үчүн биз өзүбүздүн бир канча мыйзамдарын бузуп жатканыбызды да айттым.

Бирок Лукашенка оппозицияны ынандыра алган жок.

Бириккен Жарандык партиянын жетекчиси Анатол Лябедка «Азаттыкка» буларды билдирди:

- Биз бул шайлоону эч качан акыйкат жана мыйзамдуу деп тааныбайбыз. Добуш санаган коммиссиялардын мүчөлөрүнүн арасында 0.05 пайыз гана атаандаш (алтернативалык) талапкерлердин өкүлдөрү бар. Демек шайлоо деген аты гана болот. Адаттагыдай эле (бийликтер) шайлоо жыйынтыгын бурмалап, өз кишилерин өткөрүшөт.

Оппозиция лидери ошондой эле Ройтерс агенттигине "Лукашенка Орусия менен Европаны коркутуп жатат" деп айтты.

Оппозициянын өкүлдөрүнүн айтымында, шайлоо комиссиялары майда-барат кемчиликтердин шылтоосу менен алардын талапкерлеринин 30 пайызын каттабай коюшту.

Шайлоого Европадан 100дөгөн байкоочулар катышууда. Алар шайлоо бүткөндөн 12 саатын ичинде өз баасын беришет деп күтүлүүдө. Европадагы Коопсуздук жана Кызматташттык уюму өткөн аптада шайлоо мурдагыларынан эркинирээк болот деген божомолун айткан, бирок добуштарды санап жаткан учурду байкоого мүмкүнчүлүк ара турганы тууралуу Минскиден ишенимдүү жооп ала албаганына кейиген пикирин да билдирген.

Ошол эле мезгилде ЭККУнун улук байкоочусу Анне-Марие Лизин (Anne-Marie Lizin) шайлоонун Батышта туура кабыл алынышы үчүн "Беларус бийликтери көп аракет жасап жатат" деп айткан.

Орусиянын кысымына карабастан, президент Лукашенканын Түштүк Осетия менен Абхазиянын көз каранды эместигин таануудан баш тартышы да анын Батыш менен алакасын жолго коюуга жагымдуу шарт түзүп жатат.
XS
SM
MD
LG