Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:05

БЕЛАРУСТАГЫ ШАЙЛОО КЫРГЫЗСТАНДЫК САЯСАТЧЫЛАРДЫН БААМЫНДА


Бүгүн Беларуста өтүп жаткан парламенттик шайлоого кыргызстандык саясатчылардын пикирлери ар түрдүү. Кээ бир саясатчылар Беларус президенти Александр Лукашенконун акыркы убактардагы оппозицияга жумшара баштаган мамилесин эске алуу менен бул жолку шайлоо мурдагыларга караганда адилет өтөрү бышык, деп эсептешет. Ошол эле учурда беларус бийлиги бул жолу шайлоону демократиялык принциптердин негизинде эмес, Батыш менен мамилесин жакшыртуу кызыкчылыгы үчүн гана акыйкат өткөрүшү мүмкүн, деген пикирлер да жок эмес.

Беларустагы парламенттик шайлоонун адилет өтөөрүнөн күмөн санаган кыргызстандык саясатчылар бийлик кур эле дегенде шайлоонун жыйынтыктарын бурмалоого аракет кылат, деп эсептешет.

Беларус президенти быйылкы шайлоону адилет өткөрүү тууралуу максатын буга чейин эле билдирген. Ушундан уламбы бул жолку парламенттик шайлоого талапкерлерди каттоодо мурдагыларга караганда адилеттүүлүк болуп, оппозициянын 70тен ашуун мүчөсүн катталган. Муну белгилеген саясатчылардын бири, “Ак шумкар” партиясынын төрагасы Темир Сариев Беларустагы шайлоонун адилет өтүүсүнө үмүттөнөрүн “Азаттыкка” билдирди:

-Үмүт бар. Беларуста болобу же башка КМШ өлкөлөрүндө болобу акыр келип мамлекет башчыларынын шайлоону ачык айкын өткөрүү боюнча түшүнүгү пайда боло баштайт, деген үмүт бар. Шайлоого оппозициянын өкүлдөрүн каттоо, эл аралык байкоочуларды шайлоого көз салууга киргизүү, ага чейин бир топ оппозиция өкүлдөрүн камактан чыгаруу – булардын баары эл аралык уюмдардын талабынан келип чыгып жатат.

Темир Сариев бул жолку өтүп жаткан шайлоону мурдагыларына караганда таза өткөрүү аракети байкалып жаткандыгын кошумчалады.

Өткөн жылы Кыргызстанда болгон парламенттик шайлоодо негизги орунду утуп алган “Ак Жол” партиясынын мүчөсү, ЖК депутаты Ажыбай Калмаматов Беларустагы шайлоонун адилет өтөрүнөн күмөн санабайт. Ар бир эле мамлекетте башкарган партия үстөмдүк кыларын белгилеген депутат Беларус президенти Александр Лукашенконун шайлоо алдындагы айрым демократиялык кадамдары бүгүнкү шайлоонун адилет өтөрүн көрсөтүп турат, деп эсептейт:

- Мына бүт бардык оппозициялык партиялардын талапкерлери катталып, ат салышып жатышат. Жалпысынан беларустагы парламенттик шайлоо адилет өтөт, деп ойлойм,

Президент Лукашенконун шайлоону адилеттүү өткөрөм деген сөзүнө ишенбеген беларус оппозициясы баары бир жыйынтык адилет чыгарылбастыгын белгилеп, добуш берүү аяктагандан кийин Минскиде массалык митинг уюштураарын маалымдаган.

Буга карата пикирин билдирген саясат талдоочу Токтогул Какчекеев Беларуста оппозиция алсыз жана элдин мүдөөсү менен уюшкан эмес, деп эсептейт. Саясат талдоочунун “Азаттыкка” айткан сөзү боюнча, Беларус эли азыркы бийликке нааразы эмес жана парламенттик шайлоо да элдин каалаганындай өтөт:

- Беларустагы шайлоо беларус элине жаккан жана беларус элинин демократиялык сезимине туура келген шайлоо болот. Чын-чынына келгенде беларус калкы орто эсеп менен 800 доллар айлык акы алат. Борбор Азиянын кайсы өлкөсүндө ошончолук маянаны элге берип жатат?

Буга чейин батыш өлкөлөрү тарабынан эгер 28-сентябрдагы парламенттик шайлоо адилет өтсө, буга чейин киргизилген санкциялар алынуусу ыктымалдыгы айтылып келген. Шайлоого чейин беларус президенти бир катар оппозициялык активисттерди абактан бошоткон. Бул парламенттик шайлоого мурдагылардан айырмаланып, эл аралык байкоочулар көз салууга укук алышты. Ошентсе да айрым саясатчылар президент Лукашенконун мындай аракеттери авторитардык режимдин өзгөрүп жаткандыгынан кабар бербестигин айтышууда.

“Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев беларус президенти Батыш менен мамилени оңдоо максатында гана мындай кадамдарга барып жатат, деп эсептейт:

- Лукашенко үчүн бул бийликтин табиятын өзгөртүү, кардиналдуу реформалоо эмес, биринчи иретте Батыш менен мамилелерди оңдоо максаты менен жасалууда.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG