Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:47

ЧҮЙ: АЛДЫДАГЫ ШАЙЛООГО ЭЛДИН АКТИВДҮҮЛҮГҮ НАЧАР


Жазгүл Жамангулова, Чүй Жергиликтүү кеңештерге шайлоого карата Чүй облусунда элдин активдүүлүгү начар экени байкалууда. Облустун айрым жерлеринде шайлоочулардын кимдер талапкен экенин билбеген учурлар да бар. Ошол эле учурда айрым талапкерлердин мыйзамсыз иштерге жасалып жатканы айтылууда.

Чүй облустук шайлоо комиссиясынан билдиргенге караганда, бул жолу аймактагы шайлоо активдүүлүгү кыйла төмөн. Жергиликтүү тургундар болсо кайсыл шайлоо чөлкөмүнөн кимдер талапкер экендиги белгисиз, жалпы эле шайлоого байланыштуу маалымат берилбей жатат деп белгилешет. Ал эми жергиликтүү кеңештерге талапкер болгондордун айрымдары алдын ала эле мыйзамсыз иштер жасалып жатканын айтышууда.

- Менин атым Жаныбек Акматов. Шайлоодон эл тажап бүттү. Келген талапкерлер өздөрүнүн «жомокторун» айтып коюшуп кете беришет. Биз шайлаган депутаттар азыр ЖКда олтурат. Алардын бири да басып келип бизден кабар алып койгон жок.

- Социал Сарымсаков, мен шайлоого сөзсүз түрдө барам. Болбосо алар мурдагы шайлоолордогудай кылып добуштарыбызды өздөрү салып коюшат. Мурунку шайлоонун алдында ким кайсыл жактан барат билип тураар элек, ал эми бул жолу эч кандай маалымат берилген жок.

Буга чейин бир катар талапкерлер өздөрү шайлоо комиссияларынын солгун ишин кескин сынга алышкан болчу. Себеби кайсыл чөлкөмдөн кимдер ат салышып жатканы туурасында так маалымат жергиликтүү басма сөздөргө жарыяланган эмес.
Бул туурасында Садовое айыл өкмөтүнөн айылдык кенешке талапкер болуп жаткан Баялы Саркулов мындай дейт:

- Чөлкөмдүк шайлоо комиссияларынын иши өтө эле бүдөмүктөнүп жатат. Ал гана эмес алдын ала ким депутат болоору такталып калган деп да айтышууда. Алдын ала мыйзамсыз аракеттерге барып жаткандарын көрүп, сотко да кайрылдык. Кызык жери, карапайым шайлоочулар бийликтин ушул кейпин көрүп туруп, эмнеге депутат болосуңар деп жатышат. Силердин колуңардан эмне келет, бийлик бир кишинин колунда турса деп да суроо узатышууда.

Ал эми Москва районунан райондук кеңешке талапкер болуп жаткан Уран Рыскулов жергиликтүү бийлик эл менен болгон жолугушууга тоскоолдук келдирип жатат деп “Азаттыкка” кабарлады. Бирок Чүй облустук шайлоо комиссиясынын төрайымы Рахат Иманбекова мындай маалыматтар туура эместигин белгиледи:

- Сиздерге туура эмес маалымат берилсе керек. Азыр баары мыйзам чегинде аткарылып жатат. Жергиликтүү басылмалар өз убагында шайлоого байланышкан бардык маалыматты так чагылдырууга аракет кылууда. Бирок мурдагы шайлоолорго салыштырмалуу автивдүүлүк төмөн экендиги чындык.

Учурда Чүй облусу боюнча райондук кеңештерге 392, айылдык кеңештерге 2360 талапкер көрсөтүлдү. Талапкерлердин ичинде «Ак жол», «Социал демократтар», «Коммунистер» партиясынын өкүлдөрү басымдуу деп билдиришти облустук шайлоо комиссиясынан.

XS
SM
MD
LG