Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:35

Бүгүнтөн (29-сентябрдан) тартып Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун мүчө өлкөлөрүнүн жүздөгөн укук коргоочулары, адистери, расмий өкүлдөрү Польшанын ордо шаары Варшавага чогулуп, өз өлкөлөрүндөгү адам укуктарынын сакталышы, демократиялык жаряндын көйгөйлөрү тууралуу ачык-айрым талкуу жүргүзүшмөкчү. Бул окуянын ирегесинде АКШ өкүлдөрүн жетектеген элчи Роберт Пирсон (W. Robert Pearson) «Азаттык» үчүн маек курган эле. Эмесе, бул маектин урунттуу жерлери менен тааныштыралы.

«Азаттыктын» кабарчысынын алгачкы суроосу августтагы Орусия-Грузия согуштук жаңжалына ЕККУнун мамилеси тууралуу болду. 56 мүчө өлкөсү бар бул эл аралык уюм үчүн Грузиядагы окуялар өтө олуттуу сыноо болуп калды.

Балким, Варшава шеринеси да бул маселени демократиялык коомду куруу милдеттери тууралуу суроолорго байланыштуу караар?

Элчи Роберт Пирсон:
- Грузия окуялары башкы маселе болоорунда эч шегим жок. Бул маселени кароого мүмкүнчүлүк болот. Бул суроо ЕККУга мүчө өлкөлөрдүн бардыгын тынчсызданткан маселе.

Ошол эле учурда, Варшава жыйынынын күн тартиби өтө маанилүү. Бул жыйындын максаты – атуулдук коомдун көрүнүштөрүн андан ары калыптандыруу жана чыңдоо жана ошондой эле көп сандаган атуулдук топтор менен өкмөт өкүлдөрүнүн бул орчун, көйгөйлүү маселелер боюнча терең талкуу өткөрүшүнө мүмкүнчүлүк түзүү болуп саналат.

«Азаттык”:
ЕККУ өзү консенсуска негизделген уюм экени маалым. Маселен, эгерде Грузия жаатында Орусияга карата сын айтылчу болсо, анда расмий Маскөө өзүнө жакпай турган бүтүмдү кабыл алууга вето койо алат. Мындай шартта, деги ЕККУ жансыз жана мажирөө уюмга айланып баратат деген сын пикирлер акыйкатпы?

Элчи Роберт Пирсон:
- Менимче, мындай баа ЕККУдагы жараянды жана ЕККУнун бул алдыдагы жыйынындагы жараянды адилетсиз мүнөздөө болуп саналаар эле.

ЕККУнун башаттык мүдөөсү бир шеринеге баш кошуп, ал аркылуу адам укуктары, шайлоо, атуулдук коомду өнүктүрүү маселелеринин бардыгын чогуу-чаран талкуулоо болчу. ЕККУнун бардык өлкөлөрү бул принципке берилген бойдон кала берүүдө.

Иш жүзүндө, дал ушундай баарлашуунун түрү оңураак жолго кайтуубуз үчүн өбөлгө болот деп ишенем.

«Азаттык”:
Айтмакчы, 2010-жылы Казакстан ЕККУнун төрагалыгын өткөрүп алаары күтүлүүдө. Ошол эле учурда, бул өлкөдөгү адам укуктарынын жагдайы мактанаарлык эмес экендигин жергиликтүү укук коргоочулар да, эл аралык коомчулук өкүлдөрү да байма-бай белгилеп келишет. Бул жаатта расмий Вашингтондо расмий Астананын иш-аракетине карата тынчсыздануу маанайы барбы? Же бул өлкөдө адам укуктары маселеси чечилди, мындагы китептин көйгөйлүү бабы жабылды деп тыянак кылсак болобу?

Элчи Роберт Пирсон:
- Бул маселеде китеп бабы азырынча жабылган жок. Соңку учурларда Казакстан өкмөтү шыктандыруучу бир катар билдирүүлөр жарыялап, айрым үмүт байлаткан кадамдарды жүзөгө ашырды.

Өз тарабыбыздан, биз алар менен Варшава шаарында андан аркы баарлашууга беленденип жатабыз. Алар бизди тынчсызданткан суроолор тууралуу дурус кабардар. Алардын бир катарларына казак бийлик өкүлдөрү олуттуу көңүл бөлүп жаткандай.

Биз бул жараяндын улантылышын каалайбыз.

Ошентип, бул – азырынча толук тартылып бүтө элек сүрөттүн сыңарындай. Биздин алдыдагы баарлашуубуз бул жаатта өтө олуттуу мааниге ээ.
XS
SM
MD
LG