Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:59

07:40 “Менин тандоомдун мезгили” кампаниясы уланууда


Бир нече жарандык коомдордун өкүлдөрүнөн турган жалпы улуттук «Менин тандоомдун мезгили» деген атуулдук демилгенин алкагында шайлоочулар менен жолугушуулар өткөрүлүп, 5-октябрда өтүүчү жергиликтүү кеңештерге шайлоонун маанилүүлүгү, шайлоочуларды өз укуктарын кантип коргоонун жол–жоболору үйрөтүлүүдө. Бул тууралуу билдирген “Демократия жана жарандык коом үчүн” коалициясынын программалык координатору Медер Талканчиеевдин айтымында, аталган демилге кандайдыр бир саясий агымдарды же саясий партияларды колдобойт, негизинен шайлоочулардын укуктарын коргоп, Шайлоо кодексин жана мыйзамдарды түшүндүрүү менен чектелет. Бүгүн Бишкектин Свердлов, Ленин райондорундагы шайлоочулар менен жолугушуулар өткөрүлөт. Ал ошондой эле «Менин тандоомдун мезгили» деген атуулдук демилге 35 калк жашаган пунктта жергиликтүү кеңештерге шайлоо жөнүндө түшүндүрүү иштерин жүргүзгөндүгүн, шайлоодо узак мөөнөттөгү 18, кыска мөөнөттөгү 420 байкоочу катышарын кошумчалады. (AJ)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG