Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:00

Европа Биримдиги Кытайдан ташылчу балдардын ар кандай сүт азыктарына тыйуу салды. Кытайдын өзүндө ууланган сүт азыктарынын жаңжалы дагы эле басыла элек. Бузулган сүт азыгынын айынан бери дегенде төрт ымыркай чарчап, 53 миңдей балдар жабыр тарткан. Сүт азыктары желим идишке меламин химиялык заты кошулгандыгынын айынан уулангандыгы айтылууда. Кыргызстанда да Кытайдан келчү балдардын сүт азыктарына тыюу салуу боюнча сунуштар айтылып жатканын ЖК депутаты Динара Молдошева “Азаттыктын” таңкы түз ободогу маегинде билдирди. Парламенттин миграция, эмгек, социалдык саясат жана саламаттыкты сактоо комитети бүгүн “Балдарды эмчек сүтү менен багууну коргоо, жасалма тамактандырууну иретке келтирүү жөнүндө” мыйзам долбоорун карамакчы, анда ушул маселе да козголушу күтүлүүдө.

- Динара айым, айтсаңыз, долбоорду иштеп атканда кызыгып көрдүңөрбү, эмчек сүтү менен багылган балдардын эсеби барбы Кыргызстанда? Дегеле бул маселени реалдуу, ырааттуу көзөмөлдөө бар бекен?

- Сөзсүз. Бул мыйзамды иштеп атканда ЮНИФЕМдин, Саламаттык сактоо министрлигинин эксперттери менен иштегенбиз. Алар Кыргызстандын ичинде ар бир облус боюнча иликтөө жүргүзгөн экен. Иликтөөлөрдүн жыйынтыгына караганда, төрөт үйүнөн чыккандан кийин энелердин 35 пайызы эле эмчек эмизишет экен. Калгандары ошол төрөт үйүнөн чыккандан эле ар кандай жасалма азыктар менен тамактандыра башташат экен. Эл аралык адистер 6 айга чейин баланы эмчек сүтү менен багууну сунуш кылып жатышат. Тилекке каршы биздин Кыргызстаныбызда беш-алты айга жеткен кезде балдардын 90 пайызы кошумча азыктар менен багылып атат.

- Мунун себеби эмнеде деп ойлойсуз?

- Биринчиден, биз ойлоп атабыз, саламаттык сактоо кызматкерлери жаш төрөгөн энелерге жакшылап түшүндүрүш керек. Эмчек сүтү - эң пайдалуу, үнөмдүү, ыңгайлуу тамактардын бири. Ал ар кандай оорулардан баланы алыс кармайт, иммунитетти көтөрөт. Мындай маалыматтарды кээ бир кызматкерлер энелерге жеткирбейт. Анткени, алардын өздөрүнүн кызыкчылыктары бар, алар жанагыдай фирмалар менен тыкыр кызматташат экен.

- Менин сураганым, мына Кытайда 15 миң бала жасалма сүт азыгынан ууланып, сүт жасачу толгон-токой фирмалар тыкыр текшерилип, азыктарын сатууга тыюу салынбадыбы. Ал фирмалардын ичинде бизге сүтүн саткан фирмалар деле аз эмес да. Ушундай жагдайлардан балдарды коопсуздандыруунун кандай чаралары көрүлүшү мүмкүн?

-
Биз ушуну мыйзам долбооруна киргизип атабыз, экинчи бөлүккө, балдарды жасалма тамактандыруу азыктарынын жана каражаттарынын маркетинги деп. Биз эч кандай үгүт болбосун, түрдүү башка аракеттер жасалбасын деп атабыз. Азыр эми ар кыл ооруканаларда, дарыканаларда жаш энелерге жасалма азыктарды бекер берүү сыяктуу ар кандай акцияларды өткөрүп атышпайбы. Биз ошондой акцияларга тыюу салып жатабыз.

Албетте, кытайлык 150 баланын жабыркашы – бул жакшы мисал эмес. ЮНИФЕМдин маалыматы боюнча, бир топ өлкөлөрдө, анын ичинде Батыш Европада, Германияда, Австрияда, Азия, Африка өлкөлөрүндө биз билген салабаттуу фирмалардын бир тобуна тыюу салынган. Анткени, алардын азыктарынан бактериялар чыккан же пайдалануу мөөнөтү өтүп кеткен.

- Динара айым, Кыргызстанда бул иш кандай жолго коюлуптур, Мыйзам долбоорун даярдап жатканда аныктай алдыңыздарбы? Кытайдын азыктары менен кыргызстандык балдар деле азыктанып жатышат да.

- Биз ошого тыюу салалы деп жатабыз. Чегарадан өтүп жатканда милдеттүү түрдө сапатын, пайдалануу мөөнөтүн текшерүү керек.

- Буга чейин мындай тыюу салуулар катталган эмес?

- Жок катталган эмес. Бирок бир нерсени айтып коеюн, Өзбекстандан чыккан балдардын “Кичкинтой” деген сүт азыгы бар эмес беле. Муну эки-үч жылдан бери чыгарбай жатат. Ошого карабастан, аткезчилик (контрабанда) жол бизге менен өткөрүп жатышат. Биздин эксперттерибиздин маалыматына караганда, мисалы, Ош облусунун айрым дарыканаларында, дүкөндөрүндө дагы эле сатылып атат.
XS
SM
MD
LG