Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:02

12:10 “Ата Мекен”: Кабилова бийлик көрсөтмөсүнөн баш тарткан алгачкы БШК жетекчиси болду


“Ата Мекен” партиясы БШКнын мурдагы төрайымы Клара Кабилованын видеокайрылуусу жана бул кызматтан өз ыктыяры менен кетиши тууралуу бүгүн билдирүү таратты. Анда партия Кабилованын мындай чечимин колдоору айтылып, азыркы бийлик дагы бир жолу чыныгы жүзүн көрсөткөнү, Клара Кабилова Бишкек шаар кеңешине талапкер Ишенбай Кадырбековду үгүт маалында абакта кармоого макулдук бербей койгону үчүн президенттин чөйрөсүнүн кысымына кабылганы белгиленет. Ошондой эле Кыргызстандын шайлоо системасында узак жылдардан бери бийликтин айтканы менен иш жүргүзүү калыптанып калганы, Клара Кабилова мындай салтты бузууга күчү жеткен БШКнын алгачкы жетекчиси болгону айтылат. Мындан сырткары президент да аны кызматтан бошотуу менен өз тандоосун жасаганы, бирок Кабилованын кызматтан кетишинин себептери түшүндүрүлбөгөнү белгиленген. “ Курманбек Бакиев бир аз күн мурда эле юстиция министри Марат Кайыповду кызматтан бошотоордо кол астында иштегендердин моралдык кулк-мүнөзү тууралуу узун-сабак кеп кылган эле. Азыр болсо унчукпайт, прокуратурага бул маселеге байланышкан кырдаалды иликтөөнү да тапшырган жок. Анын ордуна президент унчукпай туруп Кабилованы кызматтан бошотуп койду. Мындан биз бийлик биздин жана сиздин эмес, өз үй-бүлөсүнүн, туугандарынын кызыкчылыктарын коргоорун көрүп турабыз”, - деп айтылат билдирүүдө.

XS
SM
MD
LG