Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:46

17:39 Ош облсоту ВИЧ илдетин жуктурган деп айыпталган дарыгерлердин ишин кароону аяктоодо


Дарыгерлердин биринин жактоочусу Токтосун Касымбеков 29-сентябрда «Азаттыкка» кабарлагандай, ишине шалаакы мамиле жасап, бир нече эне-балага СПИД дартын жуктурган деп айыпталган 14 медициналык кызматкер алардын аракеттеринде кылмыштын курамы жоктугун белгилешип, тергөө убагында тагылган дооматтар жүйөөсүз деп эсептешүүдө жана Ош шаардык сотунун өкүмүн жокко чыгарууну талап кылышууда. Белгилүү болгондой, облустук сот аппеляциялык арыз боюнча өкүмдү эртең угузуусу күтүлүүдө. Жабырлануучулардын жактоочусу Фатима Хабибулинага жолукканыбызда, иши кыскартылган, акталган жана жеңил жазаланган медициналык кызматкерлердин бардыгы камалууга тийштигин, ал эми жабырлануучуларга дарыгерлердин эсебинен төлөнчү ири өлчөмдөгү компенсацияны күчүндө калтыруу зарылдыгын маалымдады. (ATo)

XS
SM
MD
LG