Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:57

БАШКЫ ПРОКУРАТУРА КАБИЛОВАНЫН КАЙРЫЛУУСУ БОЮНЧА КЫЛМЫШ ИШИН КОЗГОДУ


Башкы прокуратура БШКнын мурдагы төрайымы Клара Кабилованын кайрылуусуна байланыштуу кылмыш ишин козгоду. Башкы көзөмөл органынын башчысы Элмурза Сатыбалдиев бул ишке байланыштуу президенттин уулу Максим Бакиев менен президенттик администрациянын башчысы Медет Садыркулов да суралаарын билдирди. Ошондой эле бүгүн “Ата Мекен” партиясы БШКнын мурдагы төрайымынын кызматтан кетүү аракетин колдой тургандыгын маалымдаган билдирүү таратып, президент Курманбек Бакиев элдин кызыкчылыгынан үй-бүлөсүнүн кызыкчылыгын жогору койду, деп белгиледи.

БШКнын мурдагы төрайымы Клара Кабилованын видеокайрылуусу боюнча кылмыш иши эки күн мурун козголгон. Бул тууралуу журналисттерге маалымдаган баш прокурор Элмурза Сатыбалдиев кайрылууда аты аталган адамдар суракка алынарын кошумчалады.

Анын айтуусунда ушул тапта тергөө тобу түзүлүп, иштеп жатат:

-Үстүбүздөгү жылдын 26-сентябрында БШКнын төрайымы Клара Кабилованын видео кайрылуусу боюнча баш прокуратура тастыктап чыгып, кылмыш иши козголгон. Кылмыш кодексинин 139-беренеси боюнча. Бул боюнча тергөө амалдары жүрүп жатат, тергөө тобу түзүлгөн. Бул топ азыр БШКда иш алып барып жатат.

Элмурза Сатыбалдиевдин журналисттерге билдиргени боюнча, Клара Кабилованын кайрылуусунда аты аталып, аны коркутуп-үркүткөн жана орой сөздөр менен кордогон деп айыпталып жаткан Максим Бакиевдин мындай аракеттери аныкталса, ал тиешелүү жоопко тартылат, бирок уулу үчүн атасы –президент Бакиев жооп бербейт:

-Бизде баласы атасы үчүн же атасы баласы үчүн жооп берген мыйзам барбы? Ар ким өз чечими үчүн өзү жооп берет. Бирок Клара Кабилова кайрылуусунда президенттин уулу өзүн шылдыңдап, капа кылгандыгын, орой сөздөр менен сөккөндүгүн айтып атат. Бирок бул маселени өзүнүн кызматтан кетүүсүнө байланыштырган жок да,

БШК төрайымын видеокайрылуу жазып, өлкөдөн чыгып кетүүгө мажбур кылган нерсе – катардагы жаран эмес, бүтүндөй бир өлкө башчысынын уулу тарабынан аны коркутуп-үркүтүү болуп жатат, деп белгилеген саясатчылар мындай учурда атасы баласы үчүн кылмыш жоопкерчилигин тартпаса да, моралдык жоопкерчилик алууга тийиш, дешет.

“Ата Мекен” партиясынын төрагасы Өмүрбек Текебаев мындай кырдаалда баш прокурор өзү баш болуп жооп берүүгө тийиш, деген пикирин “Азаттыкка” билдирди:

- Баш прокурор туура айтат: эгерде бул үй-бүлө жөнөкөй үй-бүлө болсо. Ал туура айтып жатат: эгерде мамлекетти ашар жолу менен эмес, Курманбек Бакиев жеке өзү башкарган учурда. Мамлекетти башкарууга келгенде колу-буттап, баласы, инилери кошо башкарышат. Ал эми жооп берүүгө келгенде мамлекет башчы баласы үчүн жооп бербейт, дегени туура эмес. Булардын баары, анын ичинде баш прокурор өзү да жооп берүүгө тийиш.

“Ата Мекен” партиясы 29-сентябрда БШКнын мурдагы төрайымы Клара Кабилованын президенттин айланасындагы адамдардын кысымына чыдабай, алардын саясатына каршы кадам жасап, кызматтан кеткенин колдогонун маалымдаган билдирүү таратты. Анда мамлекет башчы Курманбек Бакиевдин БШКнын мурдагы төрайымынын мындай чуулгандуу кадам менен кызматтан кетүүсүнө өз оюн билдирбей, Клара Кабилованын БШК жетекчилигинен кетүү тууралуу арызын канааттандыруу менен гана тим болгондугу – президенттин жеткен эрки болду, деп жазылат.

Партиянын төрагасы Өмүрбек Текебаев мамлекет башчы бул жерде элдин кызыкчылыгынан үй-бүлөсүнүн, жакындарынын кызыкчылыгын өйдө койду, деп эсептейт:

- Президент Кабилованын арызын алары менен аны токтоосуз кызматтан бошотту. Бирок анда көрсөтүлгөн кырдаалды, анда жарыяланган шарттарды эске алып, аны тескөө үчүн көз карандысыз мамлекеттик комиссия түзгөн жок жана буга аракет жа кылбады. Мына ушинтип президент да тандоо жасады. Ал мыйзамдуулукту, элдин кызыкчылыгын эмес, өзүнүн жакындарын, өз кызыкчылыгын тандады.

БШКнын экс-төрайымы Клара Кабилованын мындай кадамы коомчулукту бүдөмүк ойго такагандыгы тууралуу да пикирлер айтылууда.

Минтип мамлекет башчынын айланасындагы адамдардын саясаты менен макул эместигин билдирген соң, экс-төрайым буга чейинки өткөрүлгөн референдум, шайлоолордун канчалык деңгээлде бурмалангандыгы тууралуу да ачык айтууга тийиш болчу, деген оюн “Жарандык коом коррупияга каршы” коомдук уюмунун жетекчиси Төлөйкан Исмаилова “Азаттыкка” билдирди:

- Өткөн жылкы шайлоо, референдумдагы бурмалоолор тууралуу ачык оюн айтып, өзүнүн атуулдук парзын билдирип кетсе бир жөн эле. Ал өз кайрылуусунда артынан кылмыш иши козголбошун, анын туугандарына жана өзү менен чогуу иштегендерге кылмыш иши козголбошун айткан. Эмне айым Кабилованын кол тийбестик макамы барбы? Бул деген –бийлик менен кошо коррупцияга чырмалышканынын белгиси.

Төлөйкан Исмаилова 5-октябрга белгиленген жергиликтүү кеңештерге шайлоо токтолуусу тийиштигин да кошумчалады.

Клара Кабилованын видео кайрылуусунда айыпталгандардын бири – президенттин уулу Максим Бакиев 30-сентябрь күнү маалымат жыйынын өткөрөрү кабарланган. Бирок мындай маалымат азырынча толук тактала элек.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG