Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:12

Муса Мураталиев, Москва Орусиянын төрт аймагында: Екатеринбург, Новосибирск, Санкт-Петербург жана Казанда Кыргызстандын консулдуктары иштейт. Алардын ичинен Орусиянын азиялык аймагын тейлеген башкы консул Турдалы Орозбаев «Азаттыктын» Москвадагы кабарчысынын суроолоруна жооп берди.

- Турдалы мырза, кандай жашап атасыздар? Екатеринбург аймагындагы кыргыздардын, кыргызстандыктардын абалы боюнча кеп салсаңыз.

- Кыргызстандын жарандары Екатеринбургда аябагандай көп. Былтыр Орусия бийлигинин соода-сатыкта орусиянын гана атуулдары иштесин деген токтому чыгып, ошол түрткү болуп, Кыргызстандын атуулдары орусиялык жарандыкка көп өтүп кетишти. Зээн кейийт.

- Канча документ cиздин кол астыңыздан өттү?

-
Азыр так эсимде жок.

- Эсеби ондоп саналабы, жүздөп же миңдеп саналабы?

- Миңдеп саналат да... Быйыл бир жарым миң киши кабыл алынды.

- Екатеринбург элеби же башка аймактардагы кыргызстандыктар да киреби ал - бир жарым миңге?

- Башкы консулдукка Урал жана Сибирь федералдык округдары кирет. Аларда бардыгы 22 субъект бар. Ошол жерлердеги кыргызстандык атуулдар ичинен быйыл Орусиянын жарандуулугун алгандар ошончо болду.

- Орусиянын европалык жагында жүргөн кыргыздар, атуулдук алгандан кийин деле абал оңолбоду дешет. Тажиктер арасында да ошондой кеп бар. Ишке орношуу оңой болгону менен калган жагы мурдагыдай эле. Үй алуу мүмкүн эмес, акчанын баары турган жайыңа кетип атат. «Түбөлүк мигрантка» айланып атабыз дешет...

- Чындыгында бул жердин жарандыгын алганда деле кыргызстандыктар этникалык жагынан кыргыз болуп калып атышпайбы...

- Орусияда, айрыкча быйыл, такырбаштар же улутчул жаштар кыймылы күчөдү. Кол салуулар болуп атат, бычактап кетүү болуп атат, сиздерде жагдай кандай?

- Биз тейлеген Урал жана Сибирден тышкары Ыраакы Чыгыш федералдык округу да, мурда Москвадагы элчиликке түз баш ийүүчү, эми чукул деп бизге кайрылып атышат. Ошондуктан маалымат ушул үч округ боюнча, мындайча айтканда, Орусия жеринин Азия тарабы же бул мамлекет жеринин 70 пайызга чукул жеринде жүргөн кыргыздар такырбаштардан запкы жеди деген кабар ала элекпиз.

- Мынча кең аймакта канча кыргыздар, кыргызстандыктар иштеп жүрүштү экен?

- Мыйзам боюнча биздин кишилер бул жерге келгенде үч күндүн ичинде каттоодон өтүшү керек. Ошондон кийин ал токсон күнгө жашоого укуктуу. Ошол учурда алар улам чыгып кайра ичке кире да беришет экен. Ошентип алардын эсебин так алуу биз эмес, чегарачыга да кыйын экен. Бирок божомол менен алганда, мурда, 200миң деп келишкен экен, азыркы мезгилде 500миңден 700миңге чейин кыргызстандыктар бар дээр элек. Кийинки учурда биздин жарандар көбөйүп кетти деген кептер бар. Мен атаган 22 субъекттин кайсы жерине барбайын кыргыздарды жолуктурам. Ошолордун санын көрүп туруп да, божомолдоп алганда, ошого барып калат деген ой туулат.

- Жаңы келген кишилер үчүн кандай кеңеш бересиз?

- Келгенде бир ай бирөөнүн көзүн карап калбагыдай, көчөдө тилемчи болуп калбагыдай каражат менен келсе... Ошондой кишилер кыйналбастан бутка туруп кетип атат. Көбү Орусияга жетсем эле акча табылат деген кыска ой менен жолго жеткидей акча чуктап алып келе бергендер кыйналып атат.
XS
SM
MD
LG