Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:17

Беларустагы парламенттик шайлоо эл аралык стандарттарга төп келген жок


Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюму бүгүнкү билидирүүсүндө белгилегендей, шайлоо "азганактай жылыштарына" карабай, эл аралык демократиялык стандарттарга төп келген жок. Шайлоого 450дөй байкоочусу көзөмөл салган ЕККУнун айтымында, добуш берүү "жалпысынан жакшы уюштурулду", бирок жараян добуштарды саноо учурунда кыйла бузулду. ЕККУнун билдиргенине караганда, алардын байкоочусу добуштарды саноо учурунда шайлоо бекеттеринин үчтөн биринин көбүнө кире алган эмес, ошондой эле шайлоо жыйынтыгы атайлап бурмаланган бир нече учурду аныктаган.

XS
SM
MD
LG