Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:59

АКШда 10 чакты күндөн бери көпчүлүк ылаңдаган банк тармагын өкмөт кантип сактап калат деп түйшөлүп күтүп жаткан эле. Мына эми мындай план акыры макулдашылды. Буш администрациясы менен күнү-түнү сүйлөшүү жүргүзгөн Конгресс жетекчилери куткаруу планы эки палатада тең колго салууга даяр экендигин бышыкташты. План алгач бүгүн Өкүлдөр палатасында добушка коюлат, ал эми Сенат ушул аптанын аягына чейин добуш берет деп күтүлүүдө.

Мындан 10 күн илгери АКШнын казына катчысы Генри Полсон Конгресске болгону 3 беттен турган 700 миллиард долларлык куткаруу планын жиберген эле. Ал бойдон өтүп кеткенде, мынча сумма дээрлик көзөмөлсүз таркатылмак.

Ошондон бери дээрлик тынымсыз жүргөн сүйлөшүүлөр акыры өз жемишин берип, 28-сентябрь, жекшемби күнү Конгресс жетекчилери Полсондун сунушунун негизинде эми 110 барактан турган планды ачыкташты. Анын көп сандаган шарттары салык төлөөчүлөрдүн эсебинен финансы тармагын субсидиялабоону кепилдөөгө багышталган.

Америкалык салык төлөөчүлөрдү дал ушуга ынандырууну көздөгөн Өкүлдөр палатасынын төрайымы Нэнси Пелоси мындай деди:

- Биз америкалык салык төлөөчүлөрдү, чакан ишканаларды, карапайым америкалыктарды финансылык кризистен коргоп калышыбыз керек. Бул финансы тармагынын чордону болгон Уол Стритти сактап калуу эмес, экономиканы кайрадан тикелөө максатын көздөй тургандыгын эл билсин.

Өкүлдөр палатасындагы улук демократ Пелосинин жанында турган Сенаттагы демократтардын баштыгы Харри Рейд болсо бул планды республикачылар да колдойт деп ишендирди.

Полсондун 700 миллард доллардык куткаруу планы тууралуу белгилүү болгондон кийин, мыйзамгерлерге алардын шайлоочулары тынымсыз телефон чалып, электрондук кат жазып, планга катуу нааразылыгын билдиришкен. Көпчүлүк кезегинде олчойгон пайдага тунган жеке менчик банктарды карапайым америкалыктардын эсебинен сактап калууну туура көргөн жок.

1920-жылдын этегиндеги Улуу депрессиядан кийинки өкмөттүн базар системасына биринчи ири кийлигишүүсү болуп кала турган деп күтүлүп жаңы пландын урунттуу жерлерине токтолсок. Анын негизги шарты турак-жай базары үстүн-астын болгондо банктардын колунда калган төлөнбөгөн карыздарды АКШнын казына департаменти сатып алат. Мунун акысына өкмөт карызын төлөй албай калган үй ээлери банктарга өткөрүп берген турак-жайлардын бир бөлүгүн сата алат. Ушул жол менен банктар банкроттуктан аман калат, ал эми өкмөт төлөнбөгөн карыздарга сарптаган чыгымдарынын бир бөлүгүн кайтарып алат.

Полсондун айтымында, өкмөттүн чыгымдары ай сайын 50 миллардды түзмөкчү. 700 миллиард дароо сарпталбайт. Биринчи баскычта өкмөт 250 миллиардды бөлөт, дагы 100 миллиард президенттин талабы менен берлиши мүмкүн. Ал эми калган 350 миллиардды Конгресс кааласа бөлдүрбөй кое алат.

Планда ошондой эле куткаруу иштерине Конгресстин тыкыр көзөмөл салуусу каралган. Ошол эле убакта кайсы банкка жардам берүүнү, алардын карызынын канча бөлүгүн сатып алууну казына департаменти аныктайт.

Базар мамилелери баарын өзү тууралайт деген Адам Смиттин аксиомасына негизделген система кризистин сазына кептелишине байланыштуу АКШда экономикага өкмөттүн көзөмөлүн бекемдеш керек деген талап күч алууда. Конгресс жетекчилери Америка өкмөтү менен соодалашып жатып, кабыл алган соңку план мына ушул жааттагы ири кадамдардын бири болуп калды.

Бул планга АКШда гана эмес, бүт дүйнөдө жакындан көз салышууда, себеби АКШнын турак-жай базары дүркүрөп өсүп жаткан чакта ага чет элдик көптөгөн банктар инвестиция салышкан эле. Натыйжада бул тармактын кыйрашы алардын да белин майыштырды.

Айткандай эле апта соңунда Англиядагы карыз берүүчү Брэдфорд энд Бингли жана белгиялык камсыздоочу Фортис банктары банкроттуктун жарына такалганы тууралуу маалым болду.
XS
SM
MD
LG