Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 17:01

Эдил Сапарбек уулу, Прага ш. Кечээ (28-сентябрда) Беларуста өткөн парламенттик шайлоонун алдын ала жыйынтыктарына караганда, оппозицияга парламентте бир да орун тийбей калды. Парламенттин төмөнкү үйү - Өкүлдөр палатасындагы 110 орун үчүн 260тан ашык киши, анын ичинде оппозициядан 70тен ашуун талапкер ат салышкан эле. Ал эми бүгүн түштөн кийин Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык уюму Беларустагы парламенттик шайлоонун жүрүшү жана алгачкы жыйынтыгы тууралуу өзүнүн тыянагын жарыялап, бул шайлоо эл аралык стандарттарга төп келбеди деген баасын билдирди. Беларус оппозициясынын айрым өкүлдөрү бул шайлоонун жыйынтыгын тааныбай тургандыгын билдиришти. Президент Александр Лукашенка бул жолку шайлоо адилет өтөт деп убада берген болчу.

Беларус шайлоо бийлиги жарыялаган алдын-ала маалыматка караганда, жекшембиде (28-сентябрда) өткөрүлгөн парламенттик шайлоого катышкандардын саны жалпы шайлоочулардын санынын 75 пайызынан жогору болду.

Бүгүн (дүйшөмбү күнү) эртең менен Беларустун Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Лидзия Ермошина (Lidziya Yarmoshyna) парламенттик шайлоодо бир да оппозиция өкүлү парламентке өткөн жок деп билдирди:

- Мен эч нерсе деп айта албайм. Мен шайлоонун жыйынтыгындагы сандар жөнүндө гана комментарий айта алам. Ал эми эмне үчүн оппозициячыл талапкерлер жеңе алган жок деген суроого келсек, сыягы, шайлоочулар аларды колдобосо керек. Эгерде шайлоодогу добуштардын саны бири-бирине жакын болсо, мен түшүнөөр элем, анда кимдир-бирөө муну талашуусу мүмкүн. Бирок оппозициячыл талапкерлер алган добуштардын санын жеңгендердикине салыштырып карап көрсөңүз, анда аларды бири-бирине салыштырыш да мүмкүн эмес.

Анын оюнча, шайлоодо жеңгендер менен оппозиция өкүлдөрүнүн ортосундагы ажырым асман менен жердей.

Ал эми дүйшөмбү күнү түштөн кийин Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык уюму Беларустагы парламенттик шайлоонун жүрүшү жана алгачкы жыйынтыгы тууралуу өзүнүн тыянагын жарыялады.

ЕККУ жекшембиде өткөрүлгөн шайлоо, мурдагыларга салыштырмалуу анча-мынча жылыштар байкалганына карабастан, эл аралык стандарттарга төп келбеди деген баасын билдирди.

Беларус оппозициясынын өкүлдөрү болсо бул шайлоонун жыйынтыгын тааныбай тургандыгын билдиришти.

Алардын бири – Бирдиктүү Атуулдук Партиянын лидери Анатол Лябеджка (Anatol Lyabedzka) мырза 29-сентябрда Минскиде өткөргөн маалымат жыйынында шайлоодо президент Лукашенка жактырган кишилердин тизмесине киргендер гана жеңишке жетишти деп айтып, оппозиция шайлоонун жыйынтыгын тааныбастыгын билдирди:

- Биздин турумубуз айдан ачык. Биз бул шайлоо өнөктүгүн адилет жана мыйзамдуу деп эч тааныбайбыз, анткени биздин кишилердин 0,05 пайызы гана добуш санакка катышкан шайлоо комиссияларынын курамына киргизилген, ал эми комиссиялардын мүчөлөрүнүн 99,95 пайызы Лукашенкадан саясий же экономикалык көз каранды болгон кишилерден түзүлдү”.


Шайлоонун жыйынтыгын бурмалоо көнүмүш адат болгон пост-советтик Беларус үчүн бул шайлоонун жыйынтыктары таң калтырчудай деле иш эмес.

Бирок расмий Москва менен газ баасы тууралуу бир пикирге келише албай жаткан жана Батыш өлкөлөрүнөн обочодо калып келген Беларус президенти Александр Лукашенка Батыш менен жакындоого ниет кылып, бул жолку парламенттик шайлоо адилет өтөөрүнө убада кылган болчу.

Ал эми Европа Биримдиги, эгерде Чыгыш Европадагы авторитардык режим сакталган бул өлкөдө таза шайлоо өткөрүлсө, анда өзүнүн Беларуска болгон экономикалык айрым чектөөлөрүн жеңилдетиши мүмкүндүгүнө ишаара кылган эле.

Жекшембидеги шайлоого Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык уюмунан 45өдөн ашуун байкоочу жана бир катар КМШ өлкөлөрүнүн байкоочулары көз салды.

ЕККУнун байкоочуларынын айтымында, алар шайлоо бекеттеринин үчтөн биринен ашуун бөлүгүнө таптакыр киргизилген эмес.

Алар, ошондой эле, өздөрү болгон бир катар шайлоо чөлкөмдөрүндө добуш бурмалоо учурлары катталганын да билдиришти.

Көз каранды эмес байкоочулар шайлоо күнүнө чейин алдын-ала берилген добуштарды да көзөмөлдөй алган жок.

Беларус оппозициясы шайлоо өткөрүлгөн күнү (жекшембиде) эле ордо шаар Минскиде нааразылык чарасын өткөрүштү.

800дөй оппозиция өкүлдөрү Минск шаарында нааразылык жүрүш жасап, бул добуш берүүнү “маскара иш” катары айыпташты.
XS
SM
MD
LG