Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 07:01

Мындан 70 жыл илгери, 1938-жылдын 29-сентябрынан 30-сентябрына караган түнү, европалык төрт мамлекеттин (Улуу Британиянын, Франциянын, фашисттик Италиянын жана нацисттик Германиянын) жетекчилери Германиянын Мүнхен шаарында жолугуп, тарыхта кара так болуп калган келишимге кол коюшкан. Британия менен Франциянын өкмөт башчылары эптеп өз өлкөлөрүнөн нацисттик Германиянын баскынчыл ниетин алыстатуу жана анын каарын коммунисттик Чыгышка багыттоо үчүн германдык нацисттердин Чехословакиянын Судет аймагын каратып алышына макулдук беришкен. Ошондон тартып башка бир эгемен өлкөнү бөлүп-жарып, баскынчыл өлкөгө кармата берүүгө жол ачкан эки жүздүү келишимдер саясий сөздүктө “Мүнхен келишимине” окшоштурулуп калды.

Судет жергеси кайсы өлкөдөгү аймак?

Мурдагы Чехословакиянын Судет аймагы (нем. Sudetenland) – азыркы Чехиянын түндүк жана түндүк-батыш өңүрүн ээлеген.

Бул аймак германдык фашизм өз коңшуларынын жерине сугун артып турган чакта бүт дүйнөгө кеңири маалым болгон.

Судет аймагында 1938-жылы болжол менен 3,3 миллиондой немис жашаган.

Ошол маалда бул тарыхый Судет жергесинде чехтер жергиликтүү калктын 10 пайыздайын гана түзгөн.

Нацисттик Берлин, эптеп Чехословакиянын бай, өнөр жайы мыкты өнүккөн ушул бөлүгүн өзүнө каратуу үчүн, Судет аймагында байырлаган жергиликтүү немистердин ашынган жикчил жана улутчулдарын козуткан.

Чехиялык немистер кодуланды беле?

Либералдык башкаруудагы Чехословакияда немистердин бир нече улуттук партиялары болгон.

Алардын арасында социал-демократтык, агрардык (ландбунд), христиан-социалисттик, ж.б. партиялар бар эле.

Өлкөдөгү немис депутаттары Чехословакия парламентинде өз эне тилинде чыгып сүйлөй алган, демек, алардын улуттук-маданий кызыкчылыктары кысымга алынган эмес.

Ал түгүл Прагадагы Карл университетинде студенттер немис тилинде гана таалим алган топтор да арбын болгон.

Тарыхта алгачкы жолу “улуттук-социалисттик партия” (DNSAP) деген уюм Чехословакиядагы дал ушул Судет аймагындагы немистер тарабынан уюшулган, ошондуктан анын лидери Рудолф Юнг өз партиясы Адолф Гитлер түзгөн партиядан “улуу” экенин айтып мактанган жери бар.

Чехословакия өкмөтү бул ашынган шовинисттердин партиясына 1933-жылы күзүндө тыйуу салган.

1935-жылы уюшулган Судет Немис партиясынын лидери Конрад Хенлайн (Генлейн/Konrad Henlein; 1898-1945) Судет немистеринин улутчул жолбашчыларынын бири болгон. Ал 1938-жылы: “Бизге, немистерге, чехтердин арасында күн кечирүүгө мүмкүн болбой калды” деп билдирген жана немис диаспорасына: “Келгиле, өз рейхибизге кайталы” деп чакырык жасаган.

Ал эми Адолф Гитлер болсо Судет аймагынын немистерин көчүрүп отурбастан, жери менен кошо “Улуу Германияга” кошуп алуунун айласын ойлой баштаган.

Судет кризиси

1938-жылы 11-12-мартта Австрияны нацисттик Германия басып алды, бирок Гитлер бул аракетин жымсалдап “Аншлюс” (немисче Anschluss — бириктирүү, ынтымак) деп атаган.

Конрад Хенлайн бул окуядан кийин Берлинге келип, кийинки жикчил иш-аракети үчүн көрсөтмө алат. Апрелде анын партиясы расмий Прагадан автономия талап кылат, ал эми май айында болсо Судет аймагын Германияга кошуу жөнүндө референдум өткөрүү сунушун көтөрүп чыгат.

22-майда болсо ал жергиликтүү шайлоолорду референдумга (плебисцит) айлантуу үчүн кутум даярдайт. Дал ошол кезеңде Германиянын куралдуу күчтөрү Чехословакиянын чек арасына жакын топтоштурула баштаган.

Тарыхта “Биринчи Судет кризиси” деп аталган бул кооптуу кырдаалда Чехословакия жарым-жартылай мобилизация жүргүзүп, кошумча аскерге чакырылган кишилер менен чыңдалган чехословак армиясы Судетке киргизилип, чек араны бекемдейт.

Ошол маалда СССР менен Франция Чехословакиянын эгемендигин жактап чыгышты, ал түгүл “дученин” Италиясы да Берлиндин кадамын жактырган эмес.

Судет немистеринин жикчил улутчулдарынын “рейх паспортун” алууга ынтызардыгына карабастан, Гитлер аларды пайдалануу менен Судетти басып алуу оюн жүзөгө ашыра алган эмес.

Чехословак өкмөтү менен Конрад Хенлайн жүргүзгөн сүйлөшүү майнапсыз аяктаган соң, 1938-жылы 12-сентябрда Хенлайндын тарапкерлери Судет аймагында массалык чыгууларды уюштурган.

Расмий Прага бул аймакта аскердик кырдаал жарыялап, немистер турган шаар-кыштактарга аскер киргизүүгө аргасыз болгон. Конрад Хенлайн өзү нацисттик Германияга качып барып баш калкалаган.

Мүнхендеги “сыртынан тон бычуу”

1938-жылы сентябрда Судеттин жикчил немистери Гитлерге кайрылып, “өздөрүн эзген расмий Прагадан калкалап калууну” суранып жаткан чакта, Британиянын премьер-министри Невилл Чемберлен Мүнхенге учак менен сапарга аттанып жатып, мындай деген:

- Кайсы-бир алыскы өлкөдө бизге эч кандай белгисиз болгон кишилер өз ара чатакташып калганы үчүн эле биз өз жергебизде траншея казып, противогаз кийип калышыбыз керектиги тууралуу ойдун өзү эле өтө коркунучтуу, фантастикалык жана чындыкка коошпогондой сезилет”.

1938-жылы 15-сентябрда Чемберлен менен Гитлер Альпы тоолорунун Бавария бөлүгүндө Берхтесгаден шаарында жолугушуп, сүйлөшүү жүргүзөт.

Гитлер эгерде Британия Судет жергесинин Германияга тынч өтүшүнө каршы болбосо, анда Европада эч кандай согуш болбой турганын айтат. Буга судет немистеринин өз улуттук тагдырын өзү чечүү укугу негиз бере алат. Чемберлен Гитлердин бул жүйөсүнө макул болот.

Чемберлендин “кумга башын каткан төө куш” сыяктуу мамилеси азыр да эл аралык коомчулукта сынга алынып келет.

1938-жылдын 30-сентябрына караган түнү Улуу Британиянын өкмөт башчысы Невилл Чемберлен, Франциянын Министрлер кеңешинин төрагасы Эдуард Деладье, Италиянын премьер-министри Бенито Муссолини жана герман канцлери Адолф Гитлер Германиянын Мүнхен шаарында жолугуп, тарыхта азыркыга чейин талаш-тартыш туулурган келишимге кол коюшкан.

Тарыхта кийинчерээк “эки жүздүү келишим” катары бааланган Мүнхендеги макулдашууга кол койгон соң, Невилл Чемберлен Лондонго кайтып келип, учактан түшөөр замат: “Мен биздин муунубузга тынчтык алып келдим” деп жар салган.

Баарынан маанилүүсү, өз тагдыры сырттан бычылган Чехословакиянын өкүлү төрт мамлекеттин өкмөт башчылары чогулган Мүнхендеги бул жыйынга Берлин тарабынан чакырылган эмес.

Чехословакиянын президенти Эдвард Бенеш (1884-1998) “Мүнхен келишимин” “чыккынчылыктын келишими” катары сынга алган.


Тынчтык келишими дүйнөлүк согушту жакындатты

Эгемен Чехословакиянын Судет аймагын нацисттик Германиянын басып алышына мүмкүндүк ачкан бул “Мүнхен келишими” Экинчи дүйнөлүк согуштун башталышын жакындаткан окуялардын бири болуп калган.

Ошол жылы октябрда Германия жогорудагы келишимге таянуу менен Чехословакиянын Судет аймагын өзүнө согушсуз каратып алды.

1939-жылы 15-мартта Чехиянын калган бөлүгү да Германия тарабынан каратып алынып, ал эми Словакия нацисттерди колдогон күчтөр бийлеген “көз каранды эмес мамлекетке” айландырылган.

Чехиянын оор абалынан пайдаланып, анын айрым жерин өзүнө кошуп алууга жетишкен Польшанын өзүнө германдык нацизм 1939-жылы 1-сентябрда кол салат. Гитлердин армиясын нацисттерге ымалалаш Словакиянын аскерлери да коштогон.

Ошол каргашалуу күндөн тартып (1945-жылдын 2-сентябрына чейин) Экинчи дүйнөлүк согуш башталат.

Германияны “алдайбыз” деген Улуу Британия менен Франция акыры Гитлерге өздөрү алданып калды.

Борбордук Европанын ири аймагынын фашисттерге өтүшүнө жол берилген соң гана, 1939-жылдын 3-сентябрында Улуу Британия, Франция, Австралия, Жаңы Зеландия биргелешип нацисттик Германияга согуш жарыялашкан.

Ал эми СССРге келсек, Иосиф Сталин да “Гитлерди алдайм, анын күчүн империалисттик Батышка карай бурам” деген ой менен Германия менен тынчтык келишимин түзүүгө барат.

Тарыхта “Молотов-Риббентроп пакты” аталган келишим түзүлүп, ага СССРдин тышкы иштер министри Вячеслав Михайлович Молотов (Скрябин) менен герман тышкы иштер министри Иоахим фон Риббентроп 1939-жылы 23-августта Маскөөдө кол коюшкан.

Келишимге тиркелген жашыруун протокол эки өлкөгө Чыгыш Европанын аймактарын өз таасири таркалчу чөлкөмдөргө “жылуу-жумшак” бөлүп алуу үчүн (маселен, Балтика боюндагы өлкөлөрдүн СССР тарабынан каратылып алынышына) жол ачкан.

Согуштан кийинки Судет жана Моравия немистеринин тагдыры

Экинчи дүйнөлүк согуш аяктаган соң, эгемендиги калыбына келтирилген Чехословакиянын президенти Э. Бенеш жардыктар чыгарып, нацисттерге шыкакчы болгон судеттик жана башка немистерди өлкөдөн айдап чыгууга буйрук берген.

Жардыкка ылайык, эки миллиондон ашуун судет немистери башка өлкөлөргө (негизинен Германияга) сүрүлүп чыгарылган.

Маалыматтарга караганда, миңдеген немистер ур-токмок алдында же концлагерлерде өлгөн, айрымдары сотсуз атылган. Нечендеген судеттик немис аялдар зордукталган.

Маселен, 1945-жылы май айынын акыркы күнү Чехиянын түштүк-чыгышында Моравия жергесинин Австрияга чектеш аймактарында он миңдеген немистер (айрым маалыматтарда – 27 миң киши) чехословак аскерлери тарабынан Австриянын аймагына күч менен айдалган. Жүрүш маалында 4 миңден ашуун немис киши жолдо өлгөнү тууралуу жоромолдор айтылат.

Бул окуя тарыхта “Брно (чехче Brno), же Брүнн (немисче Brünn) өлүм маршы” деп аталып калган.

Жабыр тарткандардын арасында фашисттик идеологияны жактырбаган карапайым немистер болгону да анык.

Пост-коммунисттик доордо судеттик немистерди кайра тарыхый мекенине кайтаруу маселесин Берлин көтөрүп чыкканда, Чехия өкмөтү жана европалык ири өлкөлөр бул сунушту колдоого алган жок.

Мүнхен келишиминин сабактары

1938-жылы сентябрдын соңунда Гитлер Чемберлен сыяктуу “тынчтык сактагысы келген амалкөйлөргө” Чехословакиядан Германияга “эптеп Судетти эле бердирсеңер болду, башка эч аймак менен ишибиз жок” деп айткан болчу.

Ага ишенген Британия менен Франция расмий Прагага кысым жасап, “Судет аймагынан баш тарт, болбосо Батыш Европа согуш отуна кабылат” деп, бул баскынчыл келишимди аткарууга мажбурлашкан. Бирок Гитлер жарым жылга жетпей убадасын бузуп, Чехиянын башка аймактарын да басып алган.

“Мүнхен келишимине” кол койбой туруп эле, тымызын ага макул же шыкакчы болгон башка мамлекеттер тууралуу улам жаңы тарыхый маалыматтар архивдерден табылууда.

Жакында Орусиянын Тышкы чалгын кызматы 1938-жылкы бул келишимге байланыштуу айрым жашыруун документтерди ачыкка чыгарганын “Эхо Москвы” үналгысы маалымдады. Анын биринде Варшавадагы британ элчисинин “Чехословакияны бөлүп-жарууга Польшанын да катышуусу ыктымалдан алым эмес” деген жоромолу камтылган кат бар.

Ал кезде Гитлер менен өз ара согуш ачпоо тууралуу келишим түзө элек Советтер Биримдиги Чехословакияга аскердик жардам берүү сунушун билдирген, бирок коммунисттерден чочулаган расмий Прага аны кабыл алган эмес.

Быйыл август айында Орусиянын аскерлеринин Грузияга киргизилишин айрым серепчилер жана саясатчылар нацисттик Германиянын Судет аймагына баскынчыл жүрүшү менен салыштырган учурлар да болду.

Расмий Маскөө болсо бул сыяктуу салыштырууларды “жарамсыз" деп четке кагып, бирок Түштүк Осетиядагы соңку 15 жылдан ашуун убакыттан бери акырындап орусиялык атуулдукту кабыл ала берген жергиликтүү тургундарды жана аймакта бейпилдик күчтөрү катары кызмат өтөгөн орус жоокерлерин коргоо үчүн өзүнүн акысы бар экендигин билдирди.

Айрым серепчилер жана саясатчылар 1938-жылкы “Мүнхен келишими” өз дооруна гана таандык окуя болчу деп, механикалык түрдө аны башка доорго көчүрүү ылайыксыз деп санашат.

1938-жылкы “Мүнхен келишиминин” башкы сабагы, - бир катар тарыхчылардын пикиринде, - диктатор же авторитардык төбөл башкарган баскынчыл мамлекеттин башка бир өлкөгө сугун артышын эл аралык коомчулук учурунда токтотпосо, анда мындай “коймаарек”, “көшөкөр”, “көрмөксөн” же “тобокел” мамиле болочокку андан да ири согуштун алдын албагандыкка тете болоорун көрсөтөт.

(Сүрөттө: Чехиядагы Карловы Вары (Karlovy Vary, немисче Карлсбад/Karlsbad) курорт шаары - мурдагы тарыхый Судет аймагына кирген кооз жайлардын бири.)
XS
SM
MD
LG