Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:28

КОНГРЕСС БУШТУН КАРЖЫЛЫК ПЛАНЫН КОЛДОГОН ЖОК


АКШнын финансы системасын кризистен чыгаруу боюнча өкмөттүн планы конгресстин өкүлдөр палатасынан өтпөй калды. Мыйзам долбоору колдоо табыш үчүн 218 добуш алыш керек эле, бирок аны конгрессмендердин 205и колдоп, 228и каршы добуш беришти.

Долбоордун палатадан өтөрүн Ак үйдүн өкүлдөрү бөркүндөй көрүп калышкан эле. Президент Жорж Буш өзү да кыскача кайрылуу жасап, мыйзамгерлерди чукул чаралардын топтомун колдоого чакырган жана бул план өлкөнүн финансы системасын, бүткүл экономиканы туруктуу абалга саларына кайрадан ишендирген эле.

Өкмөт менен өткөрүлгөн кыйын-кычыктуу талкууларда мунаса табылганын кала берсе демократтардын конгресстеги лидерлери - өкүлдөр палатасынын спикери Нэнси Пелоси менен сенаттагы көпчүлүктүн жетекчиси Гарри Рид да бышыкташкан.

Документтин баштапкы бир катар жоболору өзгөртүлүп, такталган. Эки партиянын өкүлдөрү макулдашкан вариантты спикер Пелоси баарыдан мурда “Wall Street’тин майрамы бүткөнүн”, анын “жоопкерсиздигин америкалык салык төлөөчүлөр мындан ары көтөрбөй турганын” эскерткен “маанилүү жаңылык” деп мүнөздөгөн.

Дүйшөмбү күнү долбоорду колго салардан мурда конгрессмендер аны кайрадан үч сааттай абдан ийлеп талкуулашты.

Көпчүлүк мыйзамгерлер, алардын ичинде республикалык партиянын өкүлдөрү да менчик банктар менен компаниялардын ликвидсиз, б.а.акчага айланбас - кредиттерин каржылоо үчүн өкмөт бюджетинен 700 миллиард доллар каражат бөлүнүшүнө кескин нааразылыгын билдиришти.

Натыйжада документти 205 конгрессмен колдоду, 228и каршы болду. Долбоор үчүн жөнөкөй көпчүлүктүн 218 добушу керек эле.

Палатадагы демократтардын лидери конгрессмен Стени Хойер партиялаштарын акылга келгенге чакырып, “эгер бул мыйзам долбоору кабыл алынбай калса, анда кризис ар бир үйгө, ар бир шаарга жана ар бир штатка күргүштөп кирип келерин” эскертти.

Президент Буш өкүлдөр палатасынын позициясы өтө өкүнткөнүн моюнга алды, бирок план акыры барып кабыл алынарына жана “бүт дүйнөдөгү инвесторлорго жагымдуу кабар” болуп каларына ишенич билдирди.

Байкоочулар долбоор жакынкы аралыкта кайра добушка коюлат дешет.

Өкмөттүн планы өкүлдөр палатасында өтпөй калганы тууралуу кабар биржалык соода борборлоруна жетер замат акциялардын индекстери шарт керагар кетип, бир канча пунктка төмөндөдү.

Өкүлдөр палатасынын чечимин Ак үйдүн кожоюндугун талашып жатышкан эки саясий атаандаш да өз пайдасына чегерип калганга умтулушту.

Жон Маккейн кокус Барак Обама шайланып калса, “өлкөнү мындан да жаман төмөндөтөрүн” эскертти.

Обама болсо өз кезегинде кризис маалында Маккейндин Вашингтондо пайда болгону “кырдаалга жетик карап, туура чечим тапканга кесепетин тийгизди” деп билдирди.

XS
SM
MD
LG