Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:28

5-октябрда өтө турган жергиликтүү кеңеш депутаттарын шайлоого даярдык шайма-шай экендигин БШК жарыя кылды. Башкы шайлоо комиссиясынын билдирүүсү боюнча, 2 миллион 54 миң шайлоочунун добуш берүүсү үчүн үч жарым миллионго жакын бюллетень даяр. Бирок, атуулдук коом өкүлдөрү шайлоочулар зарыл маалыматтан кур калды деп кабатыр.

5-октябрда Кыргызстандагы жергиликтүү кеңештердин 7 миң 643 депутаты тандалышы керек. Ал үчүн жарышта 15 миң 139 талапкер ат салышат.

Шайлоону уюштуруу үчүн тутумуна 20 миңден ашык адам кирген 2 миң 118 шайлоо комиссиясы иштеп, добуш берүүгө толук даяр дейт БШКнын шайлоо процесстери бөлүмүнүн сектор башчысы Аманкул Молдалиев:

- Шайлоого даярдык жайма-жай десек болот, бардык даярдыктар бүттү. Биздин негизги милдет-Шайлоо кодексинин талабына ылайык шайлоо күнүнө 10 күн мурун шайлоо комиссияларын бюллетендер менен камсыз кылуу. Анткени, мөөнөтунөн мурун добуш берүүчүлөр болот.Бул милдет өз убагында аткарылды. Андан тышкары добуш берүүдөн 25 күн мурун шайлоочулардын тизмесин түзүп, чакыруу кагаздарын берүү. Бул иш дагы бүттү. Ар бир шайлоочуга добуш бериңиз деген чакыруу кагаздары жеткирилди.

БШКнын эсеби боюнча, 1 миң 229 талапкер 11 саясий партиянын атынан ат салышууга чыгып, калгандары жарышка өз чечими менен түштү.

Айрым серепчилердин баамында, мындай көрүнүш саясий партиялардын саясий күч катары бышып жетилбей, аты бар заты жок экендигинен кабар берүүдө.

Ал эми саясат талдоочу окумуштуу Жолборс Жоробековдун баамында, бул саясий партиялардын чыныгы саясий жарышка даяр эместигин, тактап айтканда, баштапкы уюмдарын бекемдеп, төмөнтөн жогору карай өсүү принцибин эске албагандыгын далилдеди:

- Булар жергиликтүү кеңештерге шайлоого анча көңүл бурушкан жок. Анткени, булардын негизги максатында - Жогорку Кеңешке жана президенттик шайлоо гана турат. Ошон үчүн бул шайлоо көңүлдүн четинде калды.

Ал эми жарышка түшкөн талапкерлердин көбү шайлоо фондун түзө албай, өзү гана эмес шайлоочуларын да үгүт ишинен кур жалак калтырышты.

БШКнын иликтөөсү боюнча, буга талапкерлердин фондду түзүү жол-жобосун билбегендиги башкы себеп.

Ал эми өлкө аймагындагы 35 шаар, кыштакта маалымат жыйындарын өткөргөн “Жарандык коом жана демократия үчүн” коалициясынын жетекчиси Динара Ошурахунова “Митинг, жыйындарды өткөрүү” жөнүндөгү мыйзамдын кабыл алынышынан улам көп талапкерлер кай жерде, канча киши менен жолугушуу өткөрөрүн билбей чочулашкандыктан шайлоочуларга маалымат толук жеткен жок дейт:

- Талапкерлер өз укугун, жада калса Шайлоо кодексин да жакшы билишпей, ал тууралуу юридикалык кеңештерди алчу жерди таба алышпай жүрүп өз фонддорун каттоодон өткөрө албай калышты. Андан тышкары чогулуштар тууралуу мыйзам чыккандыгына байланыштуу эгер шайлоочулар менен жолугушууларды өткөрө турган болсом жолугушууга чейин алдын-ала 8 күн мурун билдирүүнү акимиатка беремби же мэрияга беришим керекпи деп күмөн санап жүрүштү. Жер-жерлерде эшикте эле чогулуштарды өткөрө берсем мыйзам бузуу болбойбу деп жатып убакытты өткөрүп жиберишти.

Динара Ошурахунова ушундан улам шайлоочулар добуш берүүдөн мурун төмөнкү жагдайларга абдан көңүл бөлүүсү зарылдыгын билдирди:

- Эң биринчиден добуш берүүгө чейин шайлоочу өз фамилиясын шайлоочулардын тизмесине туура же туура эмес киргизилгендигин такташы зарыл. Ката жазылып же толук маалымат берилбей калса шайлоо комиссиясына кайрылып оңдотуу керек. Анткени, мурдагыдай паспортун көргөзсө эле кошумча тизмеге киргизилбейт. Кошумча тизмеге киргизүү сотко кайрылып, соттун чечиминин негизинде гана жүргүзүлөт. Экинчиден, добуш берүү күнү шайлоочу райондо турса эки бюллетень алат. Анткени, алар райондун жана өз айылдык кеңешинин депутаттарын шайлашат. Ал бюллетенде канча мандаттуу экендиги жазылып турат. Добуш бергенде бюллетенге ошол мандаттын санына жараша гана белгилерди коюу керек. Эгер көрсөтүлгөн сандан ашык белги коюлса ал бюллетень жараксыз болуп калат. Эгер шайлоочу ушундай ката кетирип, бюллетенди бузуп алса шайлоо комиссиясына кайрылып, жаңы бюллетень алууга укуктуу. Шайлоо комиссиясы акт түзүп туруп, жаңы бюллетень берет.

Мындан тышкары шайлоочулар добуш берүү үчүн паспортун, өлкө ичинде колдонулуучу жеке жарандык картасын, пенсиялык же аскер кызматкери экендигин билдирген күбөлүгүн алып барышы керек. Эскерте кетчү дагы бир жагдай - эми мурдагыдай айдоочунун күбөлүгү добуш берүү үчүн жарабайт.
XS
SM
MD
LG