Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:22

ТЕМИР САРИЕВ: БИЗ ЖАГДАЙДАН ЧЫГУУНУ ПАРЛАМЕНТТИ ТАРАТУУДАН КӨРӨБҮЗ


Ошентип Кыргызстандан 25-сентябрда чыгып кеткен БШКнын мурдагы төрайымы Клара Кабиловага президенттин уулу Максим ыдык көрсөттүбү-жокпу деген маселени баш прокуратура териштирмей болду. Күбө катары бул ишти тергөөдө суракка президенттин уулу Максим Бакиев, президенттик администрация башчысы Медет Садыркулов, оппозиция лидерлери Бакыт Бешимов, Чолпон Жакупова, Роза Отунбаева, Өмүрбек Текебаев, Темир Сариев чакырылары айтылды. Жаңжалдын оош-кыйыштары тууралуу “Азаттыктын” таңкы түз ободогу суроолоруна оппозициялык “Ак шумкар” партиясынын лидери Темир Сариев жооп берди.

- Жаңы козголгон кылмыш иши боюнча башкы прокуратурадан кандай тыянак күтүп атасыздар? Кылмыш козгоо – оппозициянын да талабы болбоду беле?

- Ооба, биз билдирүү жасаганбыз. Бул биздин эле билдирүү эмес. Мыйзамдын талабы. Мамлекеттик кызматта турган адам ушундай билдирүү жасаса, сөзсүз түрдө кылмыш иши козголуп, иликтөөгө мажбур болушу керек. Эми баш прокурор (Элмурза Сатыбалдиев-авт.) өзү айтып атат, эгер эчтеке таппасак ишти жаап коебуз деп. Мен ушундан жыйынтык чыгарып атам: булардын аягына чыгуу түрү жок.

- Сиз жетектеген “Ак шумкар” партиясы кечээ билдирүү таратып, БШКны, Жогорку Кеңешти таратып, убактылуу өкмөт түзүүнү, конституциялык реформа жүргүзүүнү, парламенттик жаңы шайлоо өткөрүүнү талап кылды. Силердин үнүңөр бийликке угулаарына ишеним канчалык?

- Бийликке угулабы-угулбайбы, биз муну билбейбиз. Анткени бийлик күн өткөн сайын дүлөй болуп баратпайбы. Биз болсо элге, прогрессивдүү саясий күчтөргө кайрылдык. Эгер бүгүнкү жагдай кескин өзгөрүлбөсө ушул кейпибиз менен эле кете беребиз. Анткени мындай саясаттын келечеги жок. Ошондуктан, биз мындай жагдайдан чыгууну мыйзамсыз, легитимсиз парламентти таркатуудан көрүп жатабыз. Анткени былтыр декабрда парламенттик шайлоо элдин добушу менен өткөн эмес, жетинчи кабатта отуруп алып эки киши бөлүштүрүп койгон мандаттар болгон. Ошондуктан, алар өздөрүнүн түз функциясын аткара албайт. Анткени парламент мыйзам чыгаруучу эле эмес, эң бийик көзөмөл орган. Алар мыйзамдардын аткарылышын комитеттер, жыйындар аркылуу көзөмөлдөп турушу керек, булар көзөмөлдөбөй эле ошолордун ичинде болуп атышпайбы. Анткени бардыгы бир партиядан бийликке келип, бардык жоопкерчиликти өзүбүзгө алабыз деген. Эми жыйынтык чыгарышсын.

- Кабилова БШКнын төрайымы катары бийликке акаарат кылып чыкты. Ошол эле мезгилде жарандык лидерлер парламенттик шайлоодо мыйзам бузуп, бийликтин камчысын чапкан биринчи адам деп, парламенттик шайлоонун чечимдерин жокко чыгаруу керек деп жатышат. Сиздер да ушинтип талап кылып атасыздар. Кабилова экинчи билдирүү менен чыгышы мүмкүнбү? Мындан аркы саясий күрөш мындан канчалык көз каранды?

- Эми убакыт гана көрсөтөт, Кабилова билдирбегенде деле акыры бул иш жарыкка чыкмак. Анткени бүгүнкү күнгө чейин БШК парламенттик шайлоо жыйынтыгын элге, массалык маалымат каражаттарына толук жарыялай элек. Алар жалпы гана жарыялап койгон. Ал эми участкалык, жалпы облустук комиссиялар жыйынтыгы жарыялана элек. Эгерде Кабилова дагы бир жолу чечкиндүүлүктү көргөзүп, мен бийликтин бетин ачам деп билдирүү жасаса жакшы, жасабаса бул көрүнүп турган эле иш да, элдин баары ишенип турбайбы. Эң негизгиси – элдин бийликке ишеними кетип калбадыбы.

- Кабилованын кетиши тымызын кармашып жаткан саясий топтордун сценарийи менен болду деген божомол да чыгып кетти. Мындай божомол сизде кандай пикирди жаратты?

- Эми аны Акүйдүн адамдары айтып атса керек. Массалык маалымат каражаттары аркылуу тирешүүлөр болуп атат деп ачыкка эле чыгып калбадыбы. Бул деген тилекке каршы президент өзүнүн түз функцияларын аткара албай, жан-жөкөрлөрү, жанында жүргөн жакын адамдары кимибиз бул функцияны аткарабыз, кимибиз жакынбыз, кимибиз чечкиндүүбүз деген күрөш жүрүп жатат. Бул ачык эле көрүнүп турат. Тирешүү күчтүү, анын кесепетин мына көрүп атабыз.

- Темир мырза, БШКнын мурдагы төрайымынын билдирүүсүнүн негизинде козголгон кылмыш иш боюнча башкы прокуратура сизди чакыра элекпи?

- Биз кечээ интернет сайттан башкы прокурордун билдирүүсүн тыңдадык. Чакырса барып, көргөзмөбүздү беребиз.

XS
SM
MD
LG