Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 13:14
“Кыргыз туусу” гезити, “Ак алтын өзүн актайбы?”, “Арзанчылык Ала-Букадан башталды” деген макалалаларды, кадимки Жаныбек казынын небереси, Пакистандык кыргыз Каримжан менен интервьюну жана маркум Орозбек Кутманалиев жөнүндө эскерүүлөрдүн уландысын ж.б. материалдарды жарыялады. Гезит көмүр маселесине кайрылып, ушу кезде Бишкек, Нарын жана Талас чөлкөмдөрүндө калк көмүр менен толук камсыз болбогонун, көмүрдүн баасын дагы эле алып-сатар ортомчулар көтөрүп атканын, кыргыз өкмөтү отун ресурстарынын кымбаттыгына байланыштуу акча жагынан жардам сурап эл аралык донор уюмдарга кайрылганын, эгер кыш катуу болсо мурдагы электр кубаты менен жылытылып келген мектептердин окуучулары ушул жылдын 25-декабрынан кийинки жылдын 1-мартына чейин каникулга таратылып, анын орду июнь айынын эсебинен толтуруларын маалымдады.

“МСН” гезити журналист Д. Малеванаянын “Ледигейт” аттуу макаласын сунуш кылды. “Боршайкомдун дайыма сабырдуу жана тартиптүү төрайымы күтүүсүз жерден артына сенсациялуу билдирүү калтырган бойдон качып кетип, кайрадан оюн талааасында пешканын ролун оппозиция аткара баштады, бул ирет баягы “матрешканын” ордуна “качкын төрайымдын” билдирүүсүн сунуп чыгышты деп баянын баштаган автор, ошентип тепкедей Кыргызстан кайрадан тегеренген дүйнөнүн ички да, тышкы да саясатынын оозунан түшпөй калганын, К. Кабилова тарабынан Максим Бакиев менен Медет Садыркуловдун дарегине айтылган күнөөлөр үчүн Башкы прокуратура кылмыш ишин козгогонун, айтор кезектеги демократия оюну башталганын, ошол эле учурда оппозиция жетекчилиги Клара Кабиловадан жаңы билдирүүлөрдү күтүп жатканын, эгер Кабилова мурдагы шайлоонун одоно түрдө бурмалангандыгын шардана кыла турган болсо, анда бийлик өткөн шайлоонун жыйынтыгын жараксыз деп табуудан башка аргасы калбастыгын, аны менен катар эле азыркы парламент да легитмсиз болорун, анын кабыл алган мыйзамдары да жараксыз катары жокко чыгарыларын, бул деген ансыз да өбөктөп турган экономиканын, кыйрап бараткан энергетиканын фонунда саясый кризистин толкунун ого бетер буркан-шаркан түшүрөрүн белгилеп, деги бул кимге керек эле” деп жазды.

“Ачык саясат” гезити Боршайкомдун мурунку төрайымы Клара Кабилованын өлкөнү уу-дуу кылып кеткен ошол билдирүүсүн “Акыйкат үчүн” коомдук кыймылынын билдирүүсү менен жанаша басты. Гезит чакан кабарларында Башкы прокуратура К. Кабилованын айтылуу билдирүүсүнөн кийин Бакиевдин уулу Максимди гана текшербестен экс-президент А. Акаевдин уулу Айдар Акаевди да эстегенин, Башкы прокуратура Айдар Акаевди Кыргызстанга өткөрүп берүү өтүнүчү менен кайрадан Орусия прокуратурасына кайрылууга ниеттенип атканын, ортодогу келишимге ылайык Орусия Айдар Акаевди Кыргызстанга өткөрүп берүүгө тийиш болчу деп белгилеп, балким Б. Березовскийди кармап бербегендигибизге таарынып жүрбөсүн деп кошумчалады. Мындан тышкары СДПК мүчөсү, ЖК депутаты Жусупжан Жээнбековдун 34 жаштагы уулу Бахтияр Жээнбеков 24-сентябрь күнү үйүнөн чыгып кеткен бойдон кайрылып келбегенин, издөө иштери азырынча майнап берелектигин кабарлады.

Ал эми Кабилованын билдирүүсү боюнча пикирин билдирген саясатчы А. Жекшенкулов, “Марат Кайыпов менен Клара Кабилованын бийликтен четтетилиши президенттин андан аркы ишине өтө терс таасир тийгизет. Эгер өзүнө жакын адамдарды, өзү менен катыш адамдарды, жердеш адамдарды, иштеп берейин деген ак адамдарды ушинтип маскаралап, “иштей албады же мынча акча сурапсың” деген өңдүү ар кандай күнөөлөрдү ойлоп таап, иштен алып жатканы азыркы бийликтин келечеги жок экендигин көрсөтүп турат” десе, М. Ниязов, Кабилованын билдирүүсүн толук маалымат деп эесптебейбиз, анын мындан кийин да өткөн шайлоого байланыштуу билдирүүлөрү болуш керек эле. Экинчи билдирүүсү түшмөйүнчө Кабилованы коргоп, жактап чыгууга али эрте деп, Т. Сариев түзүлгөн саясый кризитстен чыгуу үчүн 1-ден парламентти легитмсиз деп табуу керек, 2-ден легтимсиз шайланган өкмөт отставкага кетиши керек, 3-дөн убактылуу өкмөт түзүлүп, алар парламенттик шайлоо өткөрүп, жаңы өкмөт курамын түзүп чыгуу керек деп айтты. “Ата Мекен” партиясынын Нарын аймактык уюмунун координатору А. Шыкмаматов бийлик “К. Кабилова иш билбейт, сабатсыз, акча маселелерин туура чечкен эмес” деп каралоого өткөнүн, бирок мына ушул чырды билип туруп Жаныш Бакиев менен Үсөн Сыдыковдун топтору президентке маалымдабай койгону эми К. Бакиевдин аларга болгон ишенимин биротоло кетирерин, алар өзүлөрүнүн кызыкчылыгы үчүн жалпы команданын, бүтүндөй үйбүлөнүн коопсуздугун тобокелге салганын билгизерин, ошол күндөрү “Дан азыктын” кеңсесинде Үсөн Сыдыков, Исмаил Исаков, Адахан Мадумаров жолугуп, ушул кырдаалды талкууга алышканы тууралуу имиш Акүйдүн өзүнөн тараганын кеп кылды.

Гезитке белгилүү саясатчы Т. Тургуналиевдин “Кыргызстан президентке жарыбады” деген ат менен жарык көрө баштаган интервьюсунун 1-бөлүгү басылды. Кабарчынын:”Топчубек мырза, сиз Курманбек Бакиевди сүрөп, колдоп, коргоп жүрдүңүз эле. Эми оппозициялык аракетке өттүңүз. Эмне себептен?” дегенине ал: ”Себеби, Курманбек Бакиев элге берген убадасын аткара албады, антын бузду. Бүгүн Бакиев баш болгон бийликтен үмүт үзүлдү, ишеним кетти. Кыргызстан акыркы 18 жылда ыймандуу, адилеттүү, чечкиндүү президентке жарыбады, “мал аласы ичинде, киши аласы тышында” дейт кыргыз. Бийликке жетүү үчүн жанын чаап, карганып: “Мени шайласаңар жыргатам, куунатам” деп булбулдай сайрап турса ишенет экенсиң да. Президент болуп алгандан соң теңирден тескери кетип, өз көмөчүнө гана күл тартып, өтүгүн төргө илип калат экен” деп жооп берди. Кабарчынын:”Бакиев убадасын гана эмес, антын бузду” дедиңиз. Кайсы антын айтып жатасыз?” дегенине ал: “2005-жылдын 14-августунда, борбордук аянттагы эл алдында ант берип, Бакиев “Кыргызстанды көздүн карегиндей сактайм” деп өзгөчө айткан. Кана сактаганы? “Манаста” даңазаланган, кан Кошой, акылман Бакай тандаган, Ала-Тоо эле эмес, бүт дүйнөдөгү эң кооз жер, жер соорусу Каркыраны казактарга кармата бергени ошол антты бузганы. Канталамайга жол ачкан Акаев менен Бакиевдин айырмасы жок. Эртели-кеч экөө тең эл алдында, Башмыйзам алдында жооп бериши керек деп айтты.

Ушул эле гезитке экс-депутат, 45 жылдан ашуун өмүрүн энергетика тармагын түптөөгө жумшап, убагында Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген энергетиги” ардак наамын алган Эргеш Төрөбаев аксакалдын “Энергетикалык кризистти алдын алууга болот эле” деген орус тилиндеги интервьюсунун 1-бөлүгү жарык көрдү.
XS
SM
MD
LG