Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:56

Саясий айдыңда президенттин уулу Максим Бакиевге БШКнын мурдагы төрайымы тарабынан доомат айтылып жатканда, спорт чөйрөсүндө президенттин эки уулунун бири Улуттук олимпиада комитетине президент болот деген кеп арбыды. Мындай кырдаал 2004- жылы экс- президент Аскар Акаевдин уулу Айдардын айланасында дагы түзүлуп, ал УОКтун президенти болуп шайланышы менен аяктаган.

Өлкөнүн Улуттук олимпиада комитети эгемендиктин 17 жылында бир топ кризисти баштан кечирди. Учурунда улуттук олимпиада комитетиндеги так талашуунун айынан Кыргызстан аз жерден Эл аралык олимпиада комитетинин мүчөлүгүнөн чыгып кала жаздаган. ЭОКтун бардык программалары өлкө үчүн убактылуу жабылып, каржылоо токтоп, бир жылдай сыноодо турган. Былтыртан баштап гана ЭОКтун бардык программаларына жол ачылып, Бээжин олимпиадасындагы ийгиликтеринен кийин кадыр- баркы дагы жогорулай түштү.

Быйылкы Бээжиндеги балбандардын ийгилик жаратып, 1 күмүш, 1 коло медаль утуп келишине улуттук олимпиада комитетинин жетекчилигинин да салымы бар. Алар тандалган 10-15 спортчунун ар бирине ай сайын 600 доллардан стипендия төлөп, машыгууларына шарт түздү. Ушул маалда УОКтун жетекчисини алмашуу ыктымалдыгы пайда болууда. Буга учурдагы президент Мурат Саралиновдун Орусиянын "Газпром" ишканасына кызматка чакырылып жаткандыгы негиз берүүдө. Ошол эле маалда азыркы президентке Улуттук олимпиада комитетинин уставы кошумча эки жумушта иштөөгө жол берет.

1-октябрдан баштап Мурат Саралинов “Газпром” тармагында иштейт деген кабар тарагандан бери улуттук олимпиада комитетине президент Курманбек Бакиевдин эки уулунун бири жетекчи болот деген пикирлер спорт чөйрөсүндө айтыла баштады. Алардын бири президенттин улуу уулу Марат Бакиев да дзюдо жана ок атуу федерациясына президент. Талдоочулар эки милдетти аткарып турушу анын УОКту башкаруусуна шарт түзөт дешүүдө.

Ал эми кичүү уулу Максим Бакиев өлкөнүн күрөш федерациясынын президенти болгондуктан, ал УОКтун уставына ылайык өз талапкерлигин президенттикке койгонго укугу бар.

Бирок жеке ишкер Максим Бакиев жакында эле “Хаят” мейманканасындагы спорт коомчулугунун жыйынында УОКтун жетекчиси болбостугун, күрөш федерациясынын ишин дагы илгерилетип дагы эл аралык деңгээлге жеткирээрин маалымат каражаттарына өзү расмий билдирген:

- Балбандардын Бээжинде байге алуусуна мен жетектеген федерациянын, досторумдун да салымы зор. Өлкөдө күрөштү дагы өнүктүрүү боюнча программаларыбыз бар. Күрөш элибиздин каны, жанына сиңген өнөр. Ошондуктан күрөш федерациясын гана жетектейм. Алдыда көп ой- максаттар бар. Ал эми Улуттук олимпиада комитетинин президенти болоюн деген оюм да жок.

Булардан тышкары дагы бул орунга ички иштер министринин мурдагы биринчи орун басары Мелис Турганбаев да эркин күрөш федерациясынын президенти катары сунушталып калышы мүмкүн деген байкоочулардын пикирлери бар. Бирок Мелис Турганбаев УОКтун президенттигине эч ким анын талапкерлигин сунуштабаганын айтып, таңкалганын жашырбады.

Булардан тышкары УОКтун президенттигине өлкөнүн грек-рим күрөш федерациянын жетекчиси Бейшен Абилдаевдин, УОКтун учурдагы башкы катчысы, өлкөнүн жеңил атлетика федерациясынын президенти Канат Аманкуловдун атын атагандар да болууда.

Анткени менен УОК президенти алмашаар-алмашпасы али белгисиз.

Кошумчалап койчу маалымат: 2004-жылы ошол учурда өлкөнү жетектеп турган Аскар Акаевдин уулу Айдар Акаевди спорт коомчулугу бокс федерациясына жетекчи кылып шайлап, андан үч ай өтпөй УОКтун чукул чакырылган конгрессинде президент кылып шайлашкан. 2005-жылкы март ыңкылабынан кийинки эки жылда УОКто кризис тереңдеген.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG