Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 21:58

АВСТРИЯДА АШЫНГАН ОҢЧУЛДАРДЫН АБРОЮ КӨТӨРҮЛДҮ


Австрияда ушул жекшембиде өткөн мөөнөтсүз парламенттик шайлоонун баштапкы жыйынтыктарына караганда, ашынган оңчул же улутчул партиялар чоң ийгиликке жетишти. Бийликтеги Социал-демократиялык партия добуштардын көбүн алганы менен акыркы алтымыш жылдан ашуун убакыт ичиндеги эң начар көрсөткүчтү жаратты.

Австриядагы бул жолку мөөнөтсүз шайлоонун зарылчылыгы өлкөнүн эки ири: Социал-демократтар менен Элдик партиясы ортосундагы коалиция ички ыйкы-тыйкылыктан улам быйыл июль айында ыдырап кеткенден улам чыккан эле. Эми өлкөнүн ички иштер министри Мария Фектердин айтымында, жекшембидеги саясий өнөктүктүн натыйжасында борборчул-солчул багыттагы Социал-демократтар 30%га жакын, эскичил маанайдагы Элдик партия 25% дан ашуун добуш алды.

Бул эки жыл мурдагыга караганда, төмөнкү көрсөткүч. 2006 –жылкы шайлоодо аталган партиялардын бири 35%, экинчиси 34% добуш топтогон болчу. Бул ирээт ашынган оңчул же улутчул партиялар көрсөткүчүн жогорулатып, Эркиндик партиясы 18%, Австриянын келечеги үчүн альянсы 11% добуш топтоду.

Саясий аналитиктер азыркы шайлоодогу жеңиш ушул эки партияныкы экенин белгилеп жатышат. Алардын добушун бириктиргенде Социал-демократтардыкына жетип барууда.

Байкоочулар ашынган оңчулдардын ийгилигин бир нече факторго: шайлоочулардын эки борборчул партиядан көңүлү кала баштаганына, Еврошаркетке жана иммиграциялык саясатка нааразылык күчтүү экендигине байланыштырышууда.

Ашынган оңчул Эркиндик партиясынын лидери Хайнц - Кристиан Штрахе шайлоонун жыйынтыгын төмөнкүчө баалады:

-Укмуштуудай ийгилик. Биз шайлоо алдында койгон максаттарыбыздан кыйлага ашып өттүк. Мерчемделген 15%дык чектен ашып, 18%га жетип бардык. Бул алдыны көздөй чоң секирик жана биз Австриянын үчүнчү күчтүү партиясы экендигибизди көргөзүүдө.

Эркиндик партиясынын лидери Хайнц-Кристиан Штрахе ага катар эгер биринчи орун алган Социал-демократтар парламентте жетиштүү колдоо таба албай калса, канцлердик кызматты ээлөөгө кызыкдар экенин да ишара кылды.

Жетиштүү колдоо демекчи, эгер Социал –демократтар менен экинчи орун алган Элдик партия кайрадан коалицияга бириксе, парламенттик көпчүлүктү түзө алат. Австрия парламентинин төмөнкү палатасында 183 орун бар. Парламенттик көпчүлүк үчүн кеминде 92 орун талап кылынат. Шайлоонун баштапкы жыйынтыктары ырасталса, Социал-демократтар менен Элдик партия бириккенде,108 добушка ээ болот. Бирок алар кайрадан коалицияга кошула алар-албасы азырынча арсар болуп турган маселе.

Мындай шартта байкоочулардын пикиринде, Австриянын өкмөтүнө кайрадан ашынган оңчул саясатчылар кириши мүмкүн. Социал –демократтардын лидери Вернер Файманн ашынган оңчулдар менен коалиция түзүү мүмкүнчүлгүн мурда эле жокко чыгарган. Шайлоонун баштапкы тыянагы белгилүү болгон соң ал кайра эле соңчул-оңчул коалицияга артыкчылык берерин белгиледи:

-Талаш-тартыштар үчүнчү талапка гана ийгилик алып келет. Биз талашып-тартышпастан иштерибизди көргөзгүбүз келет.

Сырттан жана почта аркылуу берилген добуштарды саноо менен Австриядагы парламенттик шайлоонун соңку жыйынтыгы 6-октябрда жарыяланат.

Жекшембидеги добуш берүүгө шайлоого укуктуу 6,5 миллион адамдын 4,5 миллиону катышты. Ошондой эле Австрияда бул ирээт Еврошаркет өлкөлөрүнөн алгачкы жолу 16-17 жаштагы улан –кыздар да добуш бере алышты.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG