Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:42

Т.ИСМАИЛОВА: ЭЛ АРАСЫНДА ДОБУШУБУЗДУ БУРМАЛАЙТ ДЕГЕН МААНАЙ БАР


Жергиликтүү кеңештерге шайлоого Кыргызстан боюнча көз карандысыз алты бейөкмөт уюму байкоо жүргүзүп жатат. Алардын бири - “Жарандык коом коррупцияга каршы” укук борбору. Борбордун төрайымы Төлөкан Исмаилова 5-октябрдагы шайлоого камылгалар тууралуу “Азаттыктын” суроолоруна таңкы түз ободо жооп берди.

- БШК өзү жергиликтүү кеңештерге шайлоого 5-октябрга шайма-шай даярбыз деп айтып жатат. Жергиликтүү көз карандысыз байкоочулардын баасы кандай болуп жатат даярдыкка?

-
6 уюм узак мөөнөттүү иликтөө жүргүздүк, шайлоо өнөктүгүнүн жүрүшүн жана башка юридикалык жактарын баалап. Биздин баамыбызда, эң негизгиси БШК азыр “Чапаев саясатына” окшоп ураан көтөрүп атат даярбыз деп. Бирок бизди аябай кызыктырганы – шайлоого каржылык жактан даярдык маселеси болууда. Анткени ошол БШКнын төрагасынын милдетин аткарып жаткан мырза Лисовский 2-3 күн мурун айтпадыбы, мурдагы экс-башчы айым Кабилова өлкөдөн качып кеткенден кийин, Кабилова айым беш эсе көп финансалык каражатты жергиликтүү кеңештерге пландаштырган жана мыйзамдар бузулган деп. Биз үчүн ошол сандар, ар бир участкага канча акча жетип атканы кызык. Анткени айыл жергесинде, же болбосо ошол эле Бишкектин тегерегиндеги чөлкөмдөрдүн ичинде биздин байкообузга караганда, финансалык жактан көп нааразылык жана суроолор бар. Экинчиден, БШК ушунчалык ишенимдүү айтып жатканы менен жарандарга ачык маалымат жана ачык сандар бүгүнкү күнгө чейин берилген жок. Ошон үчүн талапкерлердин фондулары да аябай начар болуп атканын биз билебиз. Анткени талапкерлердин көпчүлүгү мыйзамды жакшы билишпейт. Ошон үчүн талапкерлердин фонду дагы бүдөмүк. 11 саясий партия катышып аткандан кийин биз кайсы партиянын каржылык булактары ачык жана кандай сарпталат деген маселени да коюп алганбыз. Аны шайлоо мезгилинде, шайлоодон кийин дагы биз элге жарыялайбыз.

- Сиздер элди аралап байкоо жүргүзүп жатасыздар. Бир катар агартуу иштерин жасап аткан экенсиздер. Негизи шайлоочулардын ынтызарлыгы кандай шайлоого катышууга, маанайы кандай болуп атат, байкап көрдүңүздөрбү?

-
Биз эки күн мурун Бишкектин тегерегиндеги чөлкөмдөргө өзүбүздүн окутуу- агартуу программаларыбызды таанаштырып келгенде да, эл менен баарлашканда дагы биринчиден, эл айтып атат, биз өзүбүздүн укуктарыбызды жакшы билелек экенбиз, шайлоочу катары, конституциялык өзүбүздүн укуктарыбызды кандайча пайдаланыш керек экенин дагы жакшы билбептирбиз бүгүнкүгө чейин деп, көп нааразылык болуп атат. Экинчи жактан участкалык комиссиялардын деңгээлин дагы айтып атышат, мурункудай эле тизмелерде көп каталар бар, бирок сотко барганга биз күмөнсүп атабыз, анткени биз сотко ишенбейбиз дегендер бар. Үчүнчү маселе, биз шайлайбыз деп аябай катышсак дагы декабрдагы парламенттик шайлоолордой биздин добушубузду бурмалап коюп атат деген маанай бар экен.

- Канча байкоочу катышып атат сиз айтып жаткан алты уюмдан?

Азыр узак мөөнөттү 20га жакын байкоочу катышып жатат жана шайлоо күнү 400дөн ашык көз карандысыз байкоочу көз салат. Шайлоодон соң өзүбүздүн бааны беребиз.

- Маегиңизге рахмат.

XS
SM
MD
LG