Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:30

17:48 Бээжин олимпиадасынын жеңүүчүлөрү Теңир-Тоо жергесинде болушту


Быйылкы жылдын август айында Кытайдын ордо калаасында болуп өткөн ХХIХ олимпиадасында күмүш жана коло медалдын жеңүүчүлөрү Канат Бегалиев менен Руслан Түмөнбаев Теңир-Тоо жергесинде болушту. Нарын шаарындагы «Соң-Көл» жаштар сарайындагы салтанат маалында, өкмөт алдындагы спорт, жаштар иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин деректири Александр Воинов олимпиадачылар менен өлкө аймагында жолугушуулар алгачкы жолу башталгандыгын жана мындай жөрөлгө бардык облустарда болоорун белгиледи. Нарын облусунун губернаторунун орун басары Салтанат Эсенаманова, Нарын шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Алмаз Кулматов спортчуларды куттукташып, сый урматтарын көрсөтүштү. (KUs)

XS
SM
MD
LG