Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 5-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:37

Башкы прокуратура бүгүн БШКнын мурдагы төрайымы Клара Кабилованын видеокайрылуусунун негизинде козголгон кылмыш ишке ылайык Максим Бакиевди суракка алды. Клара Кабилова видеокайрылуусунда президенттин уулу коркутуп-үркүткөнү, орой сөздөр менен кемсинткени тууралуу билдирген эле. Максим Бакиев болсо ВРС маалымат агенттигине берген интервьюсунда бул ишке эч кандай тиешеси жоктугун маалымдады.

Президент Курманбек Бакиевдин кичүү уулу Максим Бакиев акыркы эки жылдан бери өлкөнүн саясий-экономикалык чөйрөсүндөгү башкы маселелердин бардыгын чечүүгө таасири чоң адам катары сыпатталып келе жатат. Буга жакында эле чуу болгон БШК төрайымынын кызматтан жана өлкөдөн кетүүгө мажбур кылган себептер тууралуу ачык билдирген видеокайрылуусу дагы бир ирет тастыктоо жасагансыды.

Өз кайрылуусунда Клара Кабилова анын БШК төрайымдыгынан баш тартышына жана Кыргызстандын аймагынан чыгып кетишине президенттин уулу Максим Бакиев тарабынан коркутуп-үркүтүүлөр түрткү болду деп билдирген:

- Мен Борбордук шайлоо комиссиясынын шаардык кеңешке депутаттыкка талапкер Кадырбековдун шайлоо укугун камсыздоо боюнча отурумунан кийин президенттин уулу Максим Бакиев тарабынан коркутуп-үркүтүүлөргө, уят сөздөр менен мазактоого кабылдым. Эгер Максим Бакиев мени коркуткусу келсе, ал максатына жетти, эгер ал мени мазактагысы келсе ага жетти.

Аталган видеокайрылууга байланыштуу кечээ башкы прокуратура кылмыш ишин козгогон.

Башкы көзөмөл органынын тергөө башкармалыгынын башчысы Учкун Каримовдун “Азаттыкка” билдиргени боюнча видеокайрылууда аты аталып, айыпталып жаткандардын бири – Максим Бакиев суракка алынды:

- Баш прокуратурага Максим Бакиев да чакырылып, тергөө кызыктырган суроолорго жооп берди,

Учкун Каримов сурактын жүрүшү тууралуу маалымат тергөөнүн кызыкчылыгы үчүн ачыкталбай тургандыгын кошумчалады.

Бирок ушул эле күнү Максим Бакиев өзү ВРС маалымат агенттигине бүгүнкү сурактын мазмуну тууралуу айтып берип, өзүнүн бул ишке такыр тиешеси жоктугун билдирген. Ал БШКнын экс-төрайымын эки-үч жыл мурда бир эле жолу көргөндүгүн айтып, Клара Кабилова видеокайрылууну өз ыктыяры менен жасаганына ишене албай тургандыгын маалымдаган. Максим Бакиевдин бул билдирүүсү БШК төрайымынын кайрылуусуна байланыштуу козголгон кылмыш иши акыйкат иликтенбешин ачыктады, деген пикирлер пайда болууда.

“Ак шумкар” саясий партиясынын лидери Темир Сариев бул ишке президент өзүнүн оюн айтууга тийиш дейт:

- Мени тынчсыздандырган нерсе –баш прокурордун өзү да айтып жатат: эгер бул ишти тактай албасак, жаап коебуз деп. Баш прокуратура бул ишти укуктук жагынан иликтеп, өзүнүн сунушун берүүгө тийиш. БШК төрайымынын кайрылуусунун саясий жагы бош калып жатпайбы. Буга саясий баа берип, президент өзү да сөзсүз түрдө оюн айтышы керек эле. Анткени президенттин жакын адамдарынын тегерегиндеги чыр-чатактар биринчи жолу болуп жаткан жок. Мен ойлойм, бул окуянын саясий-моралдык жагы да өтө актуалдуу болуп, курч турат.

Темир Сариев видеокайрылуу иши боюнча башкы прокуратура тарабынан 2-октябрда суракка чакырылып жаткан оппозиция өкүлдөрүнүн бири. Жогорку кеңештеги социал-демократтар фракциясынын жана “Акыйкат үчүн” кыймылынын айрым мүчөлөрү Клара Кабилованын видеокайрылуусун жарыя кылганына байланыштуу тергөөдө көрсөтмө беришет.

Ошондой эле Баш прокуратуранын тергөө башкармалыгынын жетекчиси Учкун Каримовдун “Азаттыкка” билдиргенине караганда, бул иш боюнча президенттик администрациянын башчысы Медет Садыркулов да суралат. Анын сурак берүү күнү азырынча тактала элек.

Бирок президенттик администрация башчысын тергөө деле эч кандай оң натыйжа бербейт деген пикир ээлери үй-бүлөлүк башкаруу системасы куламайынча, улам бир ага каршы чыккан адам, мамлекеттик кызматкер бул системанын курмандыгы боло берет, деп эсептешет. Ал эми Баш прокурор Элмурза Сатыбалдиев бул иш аягына адилет чыгарылбайт деген шектенүүлөргө негиз жоктугун журналисттерге билдирди.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG