Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:19

ОШ: ВИЧ ИЛДЕТИН ЖУКТУРГАН ДЕП АЙЫПТАЛГАН ДАРЫГЕРЛЕРДИН АЛТООСУ АКТАЛДЫ


Бүгүн кечке маал Ош облустук соту Ош шаардык соту тарабынан түрдүү мөөнөткө соттолгон медициналык кызматкерлердин апппеляциялык арызы боюнча өкүмүн угузду. Жумушуна шалаакы мамиле жасап, бир нече эне-балага ВИЧ илдетин жуктурган деп айыпталган 14 ак халатчандын алтоо акталып, төртөө мунапыска туш келсе, төртөө 3 жылга шарттуу кесилди. Булардын арасынан абакка камалган төртөө сот залынан бошотулду. Мындан тышкары жабырлануучулар соттолуучулардан талап кылган компенсация жарандык тартипте башка сотто каралууга тийштиги белгиленди. Бирок, жабырлануучулар жана алардын жактоочусу мындай өкүмгө макул эместигин билдиришүүдө.

Төрагалык кылуучу судья Калдар Маматалиев жарыя кылгандай, соттук териштирүүдөн кийин медициналык кызматкерлердин алтоо акталып, төртөө мунапыска тушукту. Төртөө эки жылдык сынак мөөнөтү менен 3 жылга шарттуу кесилди. Булардын ичинен абакка камалган төртөө сот залынан бошотулду. Мындан тышкары жабырлануучулар сотолуучулардан талап кылган компенсация жарандык тартипте башка сотто каралууга тийштиги белгиленди.

3 жашар уулуна жана өзүнө ВИЧ илдетин жуктуруп алган келин:

- Менде эмне айып? Дарыгерлер билет экен, «Көкүрөгүң ооруп турат. Эмизбе! Баладан энеге жугат» деп бир ооз айтышпаганына таңмын. Ошон үчүн буларга жаза жеңил болуп калды деп эсептеймин. Бизге окшоп жабыркагандарга компенсация төлөттүрүп туруп, анан бардыгын камаш керек эле. Айланайындар, уулума СПИД деген диагнозду чет өлкө Өбекстандан билип келдим. Кыргызстан дартын неге жашырат, - деп айыпталуучулардын көбү акталып, айрымдарынын жеңил жазаланганына нааразычылыгын билдирди.

Жабырлануучулардын жактоочусу Фатима Хабибулина өкүмдү угузганда катышкан жок. Аны менен телефон аркылуу байланышканыбызда, иши кыскартылган, акталган жана жеңил жазаланган медициналык кызматкерлердин бардыгы камалууга тийштигин, ал эми жабырлануучуларга дарыгерлердин эсебинен төлөнчү ири өлчөмдөгү компенсацияны күчүндө калтыруу зарылдыгын талап кылып Жогорку сотко даттанышаарын маалымдады.

Айыпталуучулардын бири, Оштогу СПИДке каршы күрөшүү борборунун башчысы Түгөлбай Мамаев ВИЧ илдети баладан энеге жукпай тургандыгын улам кайталап, облустук сот аны шарттуу кесип сенсациялуу кадам жасагандыгын жарыя кылды:

- Дүйнөлүк практикада баладан энеге жукпайт. Үч гана жолу бар – жыныстык жолу менен, кан аркылуу, энеден балага жугат. Биз баладан энеге жукту деп айтсак, анда Кыргызстанда СПИДдин жугушунун жаңы жолун тааптыр дегендей болушу мүмкүн,

Соттолуучулардын жактоочуларынын бири Таир Асанов шаардык жана облустук соттун жүрүшүндө баш прокуратура таккан айыптар аныкталбагандыгын, медициналык кызматкерлер ак жеринен күнөөлөнүп, тергөөчүлөрдүн кумандыгы болуп келгендигин ачыктады:

- Бейтаптар менен соттук жыйын мезгилинде сурак болду күбө катарында. Бардык дарыгерлер өздөрүнүн милдеттерине так мамиле кылышкан. Иш боюнча бир дагы мыйзамдуу далил жок. СПИД боюнча соттолгон врачтардын баары эле тергөөчүлөрдүн өз кесибин жакшы билбегендигинен улам ушундай курмандыкка айланып калышты,

2007-жылдын жайында Кыргызстандын түштүгүндө балдардын массалык түрдө ВИЧ илдетине чалдыккан фактысы катталган. Анын негизинде баш прокуратура иликтөө жүргүзүп, оштук 41 ымыркайга жана алардын айрымдарынын апаларына СПИД дарты жуктурулгандыгын аныктаган. Ошол себептүү 14 медициналык кызматкердин үстүнөн жумушуна шалаакы мамиле жасап, бир нече эне-балага ВИЧ илдетин жайылткан деген негизде кылмыш иши козголгон. Үч айга созулган соттук териштирүүдөн кийин, быйыл 1-августта Ош шаардык соту ак халатчандардын төртөөнү актап, бирөөнүн иши кыскарткан. Дагы төртөөнү ар кыл мөөнөткө эркинен ажыратып, сот залынан камакка алган. Калган бешөө 3 жылдан 5 жылга чейин шарттуу кесилген эле.

XS
SM
MD
LG