Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 05:23

Маектешкен Замира Кожобаева, Бишкек БШКнын мурдагы төрайымы Клара Кабилованын видеокайрылуусунун негизинде козголгон кылмыш ишине ылайык бүгүн башкы прокуратура Максим Бакиевди суракка алды. Ошондой эле президенттик администрациянын башчысы Медет Садыркулов да жакынкы күндөрү башкы прокуратурага чакырылып, бул иш боюнча суралат. Клара Кабилова видеокайрылуусунда президенттин уулу менен президенттик администрациянын башчысы коркутуп-үркүткөнү, орой сөздөр менен кемсинткени тууралуу билдирген эле. Мындан тышкары видеокайрылууну жарыя кылган оппозиция мүчөлөрү да сурак беришмекчи. Бул тууралуу башкы прокуратуранын тергөө башкармалыгынын башчысы Учкун Каримов “Азаттыкка” берген маегинде билдирди.

-Учкун мырза, БШКнын мурдагы төрайымынын кайрылуусунда аты аталып, анын кызматтан жана өлкөдөн кетүүсүнө себепкер болгон адам катары айыпталган Максим Бакиев сиздердин тергөө тобу тарабынан суракка алыныптыр. Натыйжасы кандай болду?

-Барыңыздарга белгилүү, 27-сентябрь күнү башкы прокуратура тарабынан БШКнын мурдагы төрайымы Клара Кабилованын видеокайрылуусу боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө тобу түзүлгөн. Кечээ тергөө тобу тарабынан БШК мүчөлөрү жана аппарат кызматкерлери суралган. Бүгүн ал видеокайрылууда аты аталган Максим Бакиев башкы прокуратурага чакырылып, кызыктырган суроолорго жооп берди. 2-октябрга ЖКнын айрым депутаттары: Роза Отунбаева, Иса Өмүркулов жана Бакыт Бешимов суракка чакырылды. Ошондой эле айрым саясатчылар: Өмүрбек Текебаев, Темир Сариев жана Чолпон Жакыпова да ушул күнү сурак берүүгө чакырылып жатышат. Булардан тышкары президенттик администрациянын башчысы Медет Садыркулов да суралабы деген суроолор көп болууда. Ооба, ал киши да суралат, чакырылат. Азыр убактысын, күнүн тактап атабыз. Анткени анын аты да Клара Кабилованын видеокайрылуусунда аталып кеткен.

-Максим Бакиевдин сурагы кандай натыйжа көрсөттү? Ал суракка дагы чакырылышы мүмкүнбү же ушуну менен бүттүбү?

-
Ал бүгүнкү берилген суроолорго толук жооп берди. Эгерде тергөө амалдарынын жүрүшүндө дагы суроо пайда болсо, дагы чакырабыз.

-Максим Бакиев кандай негизде суралды?

-Күбө катары суракка чакырылып, күбө катары жооп берди.

-Сурактын мазмуну тууралуу ачыгыраак айта аласызбы?

-Жок, сурактын мазмуну тууралуу айталбайм. Анткени тергөөнүн сыры деп коет. Бул иш боюнча тергөө иштеп жатат, иликтөө жүрүп жатат.

-ЖКнын бир нече депутаттарын жана “Акыйкат үчүн” кыймылынын кээ бир мүчөлөрү суракка чакырылаарын айттыңыз.. Алар ушул видеокайрылуу боюнча чакырылдыбы?

-
Аларды күбө катары эле чакырдык. Анткени алар Клара Кабилованын кайрылуусун коомчулукка жарыялашты. Ушуга байланыштуу суроолор болот. Тасма алардын колуна кандай тийген, Кабилова аларга өзү кайрылганбы дегендей... Ошолорду тактоо керек.

- Медет Садыркуловду суроо кандай өңүттө жүргүзүлөт? Анткени ал дагы видеокайрылууда аты аталып, Ишенбай Кадырбековдун шайлоого талапкер катары катталганына кысым көрсөткөн, деп айыпталган эле...

-Мына ушул боюнча гана сурак берет. Тактоого аракет кылабыз.

-Бул видеокайрылуунун автору же ээси БШКнын мурдагы төрайымы Клара Кабилованын өзү менен байланышуу, аны суроо жагы кандайча жүргүзүлөт?

-Аны менен байланышууга аракет жасайбыз. УКМК менен ИИМге да Клара Кабилованын турган жерин аныктоо тууралуу көрсөтмө берилген. Эгер алар тактап берсе, биз аны менен байланышка чыгып, сурайбыз. Ага да бериле турган суроолор бар, ошондуктан күч органдары жардам берип, Клара айымдын турган жерин тактап берсе, байланышка чыгабыз.

-Бул кылмыш ишин тергөө амалдары канча убакытка созулушу мүмкүн?

-
Мыйзам боюнча эки ай уруксат берилет. Эгер кандайдыр бир себептер болуп калса, дагы узартууга болот. Бирок мен ойлойм, эки ай ичинде болгон күчтү жумшап, тергөөнү аягына чыгарабыз.
XS
SM
MD
LG