Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:40

Кечээ жана бүгүн Кошмо Штаттарда, Азияда, Европада биржалык индекстердин көрсөткүчү менен акциялардын баасынын төмөндөөсү уланды. Соода бир нече саатка кечигип башталганы менен төмөндөө Орусиянын башкы биржасында да орун алды. Мунун алдында АКШда, Конгресстин Эл өкүлдөр палатасы өкмөттүн каржы системасын колдоо үчүн бюджеттен 700 миллиард доллар чейин акча ажыратууну караган планын четке каккан эле. Алдын-ала өткөрүлгөн кыйын-кычыктуу талкууларда мунаса табылгансыган документ боюнча конгрессмендер эмне үчүн глобалдык экономиканы огобетер чакчелекейге түшүрчүдөй кадамга барышты?

Долбоор палатадан өтүп кетерине Ак үй жакшы эле ишенип турган. Бирок колго сала келгенде " 2008-жылдагы өзгөчө эконимикалык стабилдешүү жөнүндө Акт" деп аталган мыйзамды конгрессмендердин 205и колдоп, 228 каршы чыкты. Мыйзам кабыл алыныш үчүн 218 добуш талап кылынган. Добуш берүүдөн соң Уолл Стриттин негизги биржалык индекси Доу-Жонс 770 пункутка төмөндөп, бир күн ичинде ылдыйлоонун акыркы 38 жыл ичиндеги эң жогорку көрсөткүчүн жаратты.

Документке Конгресстеги демократтардын үчтөн бири, республикачылардын үчтөн экиси каршы чыкты. Эмне үчүн? Мунун жообун америкалыктардын арбын колдонгон "укмуштуу бороон" деген сөз айкашы менен жалпылоо ылайыктуудай.

Адатта бул сөз айкашын америкалыктар бир нече фактордун тездик менен биригип келип чынында эле катастрофалык кырдаал түзгөн учурду сүрөттөө үчүн колдонушат.

Ошол "укмуштуу бороондун" ичиндеги негиги факторлордун бири - 4-ноябрдагы шайлоо. Анда Конгресстин эл өкүлдөр палатасындагы 435 орундун баары талашка түшүүдө. Шайлоо бир мандаттуу окуругдар боюнча өткөрүлөт. Андыктан кайра шайланууну көздөп жаткан конгрессмендер шайлоочуларды алардын кызыкчылыгын коргоп жатканына ынандыра албаса, Капитолийге кайтпай калары айныксыз.

Анын үстүнө каржы системасындагы кризисти жөнгө салуу үчүн өкмөт сунуш кылган чаралар эл арасында анчалык колдоо тапкан жок өңдөнөт. Дүйшөмбү күнү сурамжылоо ага тартылгандардын 33%ы гана өкмөттүн планын колдоорун, көпчүлүгү каршы же бир чечимге келе электигин көргөзгөн.

Катардагы америкалыктар арасында сунуш кылынган план карапайым адамдарга аз эле жеңилдиктерли сунуш кылуу менен алардын салыгынан жыйналган акчаны тескерисинче Уолл стриттин бай банкирлерин куткаруу үчүн жумшайт деген тынчыздануу кеңири жайылган.

Мындай маанайды президент Жорж Буштун каржы секторуна 700 миллиард доллар ажыратууну караган планды тез кабыл алуунун зарылдыгы боюнча 12 күн боюу жасаган чакырыктары, кийинчерээк ага эки партиянын президентикке талапкерлеринин кошулуусу да өзгөртө албагандай.

Бул аралыкта, маалыматтарга караганда, карапайым америкалыктар планга каршылыгын өз мыйзамгерлерине телефон чалуу, электрондук кат жөнөтүү аркылуу билдирип жатышты. Эл өкүлдөр палатасынын спикери Нэнси Пелоси айым добуш берүүдөн соң өз өкүнчүн мындайча баяндады:

- Мыйзам долбоору өтпөдү. Кризис эч жакка качкан жок. Биз, эки партия, кандайдыр бир мыйзамды кабыл алгыдай дагы бир мүмкүнчүлккө ээ болуш үчүн ишти улантышыбыз керек.

Конгресстеги добуш берүү көргөзгөндөй, өз лидерлеринин мыйзамды өткөрүү аракетине республикачылар, демократтар да каршы чыкты. Техас штатынан шайланган конгрессмен Жеб Хенсарлинг добуш берүү алдындагы талкууда өкмөттүн планын төмөнкүчө мүнөздөгөн:

-Мен бул план боюнча федералдык өкмөт акыр-аягында соңку инстанциядагы кепилдөөчү болуп каларынан чоочулап турат. Спикер айым, бул чынында эле бизди социализмдин жылма эңкейишине салууда.

Республикачыл партиянын консервативдүү маанайдагы мүчөлөрүнүн минтип каршы чыгуусу, алар илгээртен салтка айлангандай, өкмөттүн экономикага азыркыдай кеңири масштабда кийлигишүүсү базар экономикасынын башкы принциптерин бузат деп эсептерине байланыштуу.

Ал эми 40%ы каршы добуш берген демократтардын планды анда америкалык жумушчулар менен катардагы үй ээлеринин пайдасына стимул берген чаралар камтылбаганынан улам колдошкон жок. Демократтар мыйзам орто катмардагы америкалыктарга караганда, көпчүлүк азыркы кризис үчүн жоопкер деп эсептеген банктарды көбүрөөк колдойт деген ишенимде.

Эмки маселе - планды Конгресстен кайра өткөрүүнүн жолдору качан жана кантип макулдашылары. Адаттагы жагдай болсо тээжиктенип жаткан партиялаштарын президент Буш өзү ийге келтире алмак. Бирок кызмат мөөнөтү саналуу айлардан кийин аяктарын эске алганда, Буштун планды колдоо боюнча утур-утур чакырыктарынын таасири аз эле болчудай.

Бул иште лидерлик кылуу милдети эми тескерисинче Республикалык партиянын президенттикке талапкери Жон Маккейн менен анын демократ атаандашы Барак Обамага өтчүдөй. Экөөсү тең куткаруу планын колдоп, Конгрессти тезирээк чара көрүүгө үндөгөн.

Партия лидерлери куткаруу планын Эл өкүлдөр палатасына ушул аптанын соңунда, балким эң эрте дегенде, бейшемби күнү кайра алып келерин ишара кылышты. Бирок кайрадан сүйлөшүү өтөр-өтпөсү, эгер өтсө талаштуу маселелер кантип жөнгө салынары белгисиз. Вашингтодогу кырдаал азырынча божомолдоого мүмкүн болбой турат.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG