Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:44

1-ОКТЯБРЬ: ТАРЫХ БАРАКТАРЫ


Орус драма театрына караштуу жаш жеткинчектердин театрынын биринчи спектаклы 1943-жылдын 1-октябрында коюлган. Кыргыз АССРнин Элдик комиссарлар кеңешинде 1934-жылдын 1-октябрында айтылуу сүрөтчү Семён Чуйковдун чыгармачыл көрсөтмөсү өткөрүлгөн.

Фрунзе шаарынын чет жакасында орун алган «Красный строитель» кирпич заводунда 1928-жылдын 1-октябрындагы жүргүзүлгөн текшерүү жыйынтыгы болуп көрбөгөңдөй шалаакылыктын бетин ачкан. Ишкана курулгандан берки эки жыл аралыгында ал жалаң чыгымга иштеген. «Красный строитель» чыгарган кирпич сапатсыз жасалып, кардарлардын адилет арызын жараткан. Текшерүүчүлөр «ишканада карта оюну менен самагон сатуу күч алган», деп жыйынтык чыгарышкан.

Ташкент темир жолу 1929-жылдын 1-октябрында бир канча бөлүктөргө бөлүнгөн. Пишпек-Луговой-Арыс тармагы жаңыдан уюшулган Түркстан-Сибирь темир жолунун Алма-Ата башкармалыгына берилген.

Кыргыз АССРнин Элдик комиссарлар кеңешинде 1934-жылдын 1-октябрында айтылуу сүрөтчү Семён Чуйковдун чыгармачыл көрсөтмөсү өткөрүлдү. Көрсөтмө кыргыз өкмөтүнүн тапшырмасына ылайык «Кыргызстандын колониялдык өтмүшү», «Эскиден жаңычылдыкка» деген аталыш менен көрсөтүлгөн. Мындан тышкаары, СССР Революциялык кеңешинин тапшырмасы боюнча аткарылган сүрөтчүнүн «Кыргыз улуттук дивизиясынын эс алуучусу айылда» аталган сүрөтүт коюлган.

Орус драма театрына караштуу уюшулган жаш жеткинчектер театрынын биринчи спектаклы 1943-жылдын 1-октябрында көрсөтүлгөн. Жаш жеткинчектердин театры В. Катаевдин «Жалгызсырайт ак парус» китебинин негизинде коюлган.

Кыргыз ССР прокуратурасы 1944-жылдын 1-октябрында коргонуу өнөр жайларынан качкан «дезертирлерди» жумушка алган ишкана жетекчилерине каршы кылмыш иши козголо тургандыгын эскерткен. Прокуратуранын адегендеги кылтагына «Ала Тоо» кинотеатрынын директору Пиронер менен Кант районундагы
Ленин колхозунун башкармасы Николаенколор кабылышкан.

Кыргызстан эгемендик алгандан кийинки биринчи жолку жаңжалдуу жалдама киши өлтүрүү аракети 1994-жылдын 1-октябрында жасалган. Турусбеков менен Москва көчөлөрүнүн кесилишинде орун алган «Тянь-Шань» ресторанына гранатамет атылып, «Жигули» автомашинасында отурган эки аял жаракат алган. Ички иштер министрлигинин билдирүүсүнө ылайык, кол салуу жаңы бизнеске аралашкан байгер адамга каршы жасалган.
XS
SM
MD
LG