Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:59

07:25 Таластын тургундары К.Кабилованын тагдырына тынчсызданганын билдиришти


Алар БШКнын мурдагы төрайымына бийликтин кысымын токтотуусун, өткөн жылы декабрдагы парламенттик шайлоонун жыйынтыгын коомчулукка жарыялоосун өтүнүштү. Бул тууралуу “Ата Мекен” партиясынын мүчөсү Алмамбет Шыкмаматов “Азаттыкка” билдирди. “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев, “Акыйкат үчүн” кыймылдын жетекчиси Аликбек Жекшенкулов Талас шаарынын жана Манас районунун тургундары менен кечээги (30-сентябрдагы) жолугушуусунда жергиликтүү эл БШКнын мурдагы төрайымы Клара Кабиловага байланыштуу маселеден бөлөк, өлкөдөгү кымбатчылыкка, турмуш-шарттарынын начарлап баратканына, бийлик элдин мүдөөсүн эске албай калганына нааразы болушкан. (AJ)

XS
SM
MD
LG