Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:37

11:00 Бишкекте эски аянтта орозо айт намазы окулду


Орозо айт намазга болжол менен 70 миңге чукул киши катышты. Анда муфтий Муратаалы ажы, 1-вице-премьер-министр Искендербек Айдаралиев, шаар мэри Нариман Түлеев жана Кыргызстандагы элчиликтердин өкүлдөрү мусулмандарды орозо айт майрамы менен куттукташты. Намаздан кийин демилгелүү топтун орозо айт майрамына карата лотереялык утуш өткөрүү максаты ишке ашпай калды. Утушту шектүү диний агымдар уюштуруп жаткандыгын белгилеген милиция оюн өткөрүүгө уруксат берген жок.(ZKo)

XS
SM
MD
LG