Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 21:13

12:15 Кош жарандыкка ээ жарандар парламентке жана президенттикке шайлана алышпайбы?


“КР шайлоо кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү” тууралуу мыйзам долбоорун ЖК Конституциялык мыйзамдуулук, мамлекеттик түзүлүш, мыйзам жана адам укугу комитети кечээ карап, биринчи жана экинчи окууда жактырды. Аталган мыйзам долбоору Шайлоо кодексинин тиешелүү беренелерин кош жарандуулуктун айрым чектөөлөрүн көрсөткөн “КР жарандыгы тууралуу” мыйзам долбооруна ылайыкташтыруу максатында түзүлгөн. “КР жарандыгы тууралуу” мыйзамда кош жарандуулукка ээ адамдар парламент депутаттыгына жана мамлекет башчылыгына шайлана алышпайт.
“КР шайлоо кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү” тууралуу мыйзам долбоору жакында парламенттин жалпы отурумунда талкууга алынат. Бул тууралуу ЖК маалымат кызматы кабарлады.(ZKo)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG