Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:34

ДҮЙНӨНҮ ФИНАНСЫЛЫК КАПСАЛАҢ КАПТАДЫ


АКШнын финансы системасына тыкыр жардам көрсөтүүнү караган өкмөттүн планы конгресстин өкүлдөр палатасынан өтпөй калган соң Wall Streetтеги фонд биржасында өлкөнүн финансы өнөр жайынын негизги көрсөткүчү – Dow Jonesтин индекси 770 пунктка төмөндөп кетти. Байкоочулар мындай көрүнүш бул жерде дээрлик кырк жылга жакын соңку тарыхта дегеле болгон эмес дешет. Бирок АКШда башталган финансы кризиси капсалаңдан бетер дүйнөлүк рынокторго жайылып, аларды катуу чайпалтып, айрымдарын аласалдыра баштады.

Өкүлдөр палатасында Буш-Полсон планы жыдып калганы маалым болор замат Уолл Стритте жарнактардын баасы көчкү жүргөндөй күү эте кулап түштү, анын шарпасы Азиянын жана Европанын рынокторун тапалаңга салган толкунга айланды. Австралия менен Япониянын, алардын соңунан Евросоюздун чиновниктери глобалдык финансы кризисин чечүүгө АКШ милдеткер экенин эске салышып, Вашингтонду чукул чараларды көрүүгө чакырышты.

Брюсселдеги Bruegel изилдөө борборунун эксперти Николас Верон АКШда көтөрүлгөн толкун өтө чоң жана күчтүү экенин белгилеп, анын үйөрү Европага жетпей койбойт деп эсептейт. Банк иштерине ишеним кеткени туташ реакциядай тез жайылып баратат. “Негизинен кредит рыноктору селейип катып калды, бу жагынан Европада жана АКШда бирдей абал түзүлдү. Андыктан эки система терең тутумдаш экени, Европа АКШнын финансылык ыкыбалын тең бөлүшөрү ачык сезиле баштады”,-дейт Верон.

Бюджети тартыш, экспорт-импорту чет элдик банктардын насыяларына байланган өлкөлөргө бу капсалаңдын өзгөчө катуу капшабы тийчүдөй. Копенгагендеги Danske Bankтын аналитиги Ларс Кристенсен көпчүлүк өлкөлөрдө банк сектору өтө кынжылган кырдаалга кабылганын, активдерди акчага айлантуу мүмкүн болбой калганын, мүмкүн болгон жерлерде алардын наркы кескин көтөрүлүп, үстөк проценттер асманга чыгып кеткенин ырастады. Бу болсо финансы каражатына муктаж өлкөлөргө өтө зыяндуу. Кристенсен орто жана чыгыш Европа өлкөлөрүндө, айрыкча Болгария, Румыния, Балтика мамлекеттеринде, ошондой эле Түркияда, Түштүк Африка Республикасында, Украинада бюджеттин оңурайган тартыштыгы байкалып, кредитке мукурап турушканын, алар көзүн караган банктар болсо банкротко жакындап, кырдаал өтө кыйчалыштап калганын баяндады.

Батыш Европанын өлкөлөрү бул учурда жабыла өз банктарын аман сактап калууга киришти. Өткөн дем алыш күндөрү Британиядагы ипотекалык эңгезер банк Bradford & Bingley мамлекеттин карамагына өттү, Fortis тобуна кирген бир нече банк активдеринин теңинен көбүн Белгиянын, Голландиянын жана Люксембургдун өкмөттөрүнө сатканга аргасыз болду. Алдыдагы күндөрү Германия өзүнүн башкы эки банкын мамлекетке алганы жатат. Атүгүл өзүн кыйла коопсуз эсептеген Исландия да эки чоң банкты сатып алууну чечти.

Парижде президент Николя Саркози экономикалык командасы, андан соң ири банкирлер менен чукул кеңешме өткөрдү. Эми Германия, Британия жана Италия менен биргелешип Европанын борбордук банк башчысынын катышуусу менен кырдаалды талкуулаганы жатат. Саркози колдон келишинче эртерээк “тескелме капитализмдин жаңы системасын түзүүгө” чакырууда.

Бүгүн Брюсселде Еврокомиссия финансы кризисин жөнгө салуу боюнча чаралардын топтомун жарыяламакчы. Бирок эксперттер мындан майнап чыгарына анчейин ишенич жок дешет.

Чочулаткан дагы бир жагдай – азыркы кризис АКШнын экономикасын узакка созулган терең төмөндөөгө алып келиши ыктымал. Буга кала берсе экспорттук эпсиз көрөңгөсү бар Кытай да тынчсыздана баштады. Мамлекеттик кеңештин төрагасы Вэн Цзябао CNN телеканалындагы маегинде кокус АКШда финансы жана экономика эңкейиштеп кетсе, анда мунун терс таасири бүт дүйнөдө, анын ичинде Азияда, Кытайда да сезилерин белгиледи.

XS
SM
MD
LG