Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:57

14:30 Нарын шаарында Орозо Айт намазын окууга борбордук аянттан уруксат берилген жок


Айт намаздар соңку төрт жылдан бери Нарын шаарынын борбордук «Эркиндик» аянтында окулуп келген. Облустук мусулмандар диний башкармалыгынын казысы Таалай Жакыпов быйылкы жылы Айт намазды шаардык мэрия борбордук аянттан эмес, шаардагы «Азырет Аалы» мечитинен өткөрүүгө сунуш кагаз жибергендигин билдирди. Ал эми шаардык мэрия былтыркы жылдарда намаздан кийин тамак таратылып, аянт булгангандыгын, натыйжада мындан ары аянтта намаз окуу болбостугун белгилейт. Нарында Орозо Айт намазы окулганга дейре жамгыр жаагандыгына карабастан намаз окууга үч жарым миңдин айланасындагы адам келди. Жергиликтүү расмий бийлик өкүлдөрүнөн эч ким куттук сөз айткан жок. Бирок губернатордун биринчи орун басары Мирадил Бакашовдун намазга жыгылгандыгы белгилүү болду. Намаздан кийин «Ырысбек ата» аттуу коомдун атынан лотереялык утуштар ойнотулду.(KUs)

XS
SM
MD
LG