Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:24

“ИТ ӨЛҮГҮН” ИЗДЕМЕЙ БАШТАЛДЫ


Шайлообек ДҮЙШЕЕВ

“Дело №...” гезити 1-бетиндеги макалаларынын атын “ЦИКтин төрайымынын цирки”, “Максим Бакиев: көргөн эмес, уккан эмес, коркуткан эмес...” деп атады. Эми экинчи бетине өтөлү.

“Кыргызстандын тарыхында мамлекеттик эң жогорку кызматтагы чиновниктин иштеп туруп президентиин үй-бүлөсү жана анын тегерегиндегилери менен ачык каршылыкка чыкканы биринчи жолу кездешип жаткан окуя. Кечээ эле президенттин командасында Клара Кабилова сыяктуу мамлекет башчысына чындап берилген, чындап ак кызмат кылган киши жок өңдүү сезилчү. Алтургай аны Боршайкомдун төрайымдыгына шайлоолорду жана референдумдарды бийлик каалагандай жасаш үчүн алып барды деп айтышар эле...”, деп макаласын баштаган гезит, К. Кабилованын айланасындагы болуп өткөн окуяларга байланыштуу оппозициялык күчтөр өткөргөн маалымат жыйынын баяндап келип, кандай болгон күндө да оппозициянын колуна оңбогондой көзүр тийгенин, бирок ал ошол көзүрдү ойдогудай пайдалана алабы же жокпу кеп ошондо жатканын, анткени 2005-жылдын март революциясы да экс-дипломат Роза Отунбаеваны депутаттыкка талапкерлигин каттабай койгондон башталганын кеп кылып же бул окуя да героин матрешка сыяктуу дайын-оту табылгыс бойдон бүтөбү деп корутундулады. Гезит ошондой эле К. Кабилованын билдирүүсүн түшүндүрмөлөп, анда айтылгандардын артында чын эле “героин матрешканы” чалмакей чалганга окшогондордун кулактары тикчийип чыгып турганын, кыскасы ушу тапта президенттин үйбүлөсүндө бир нерсе болуп атканын кыйытты. “Ошентип” деп жазат гезит, “Кыргызстандын милийсалары менен чекисттери качып кеткен адамдын жакын тууган-туушкандары аркылуу Клара Кабилованын сары изине чөп салганга өттү. Ал эми билдирүүдө сөз болгон президенттин админстрация башчысы Медет Садыркулов тууралуу азырынча сөз да жок” деп жазды.

“Бүгүн Бишкекке грузин президентинин жубайы Сандра Елизавет Рулофс айым келет. Эмнеге келет? Эң кызыгы ушунда болууда. Мүмкүн грузин президенти аны чалгынга жиберген чыгар...” деп шек санаган ушул эле гезит “Кыргызстан Түштүк Осетия менен Абхазиянын өз алдынчалыгын тааныйбы?” деген суроо коюп, айрым саясатчыларга кайрылды.

“Акжолчу” депутат Рашид Тагаев, таанышыбыз керек, анткени келечегибиз Орусия менен деп, коммунист депутат Исках Масалиев, Кыргызстан Түштүк Осетия жана Абхазия менен чегаралаш эмес, ошондуктан азырынча тааныйбыз деп бир жактуу бүтүм чыгарганга эрте деп, депутат Мурат Жороев, тааныйбызбы, тааныбайбызбы, дүйнөлүк алкак менен алганда биздин пикирибиз эч нерсеге арзыбайт, биз кичинекей өлкө катары күчтүүлөрдүн ийинине таянышыбыз керек, эгер Орусияга таянсак анда орустардын, эгер Америкага таянсак анда америкалыктардын арбайын согушубуз керек деп айтты. Депутат Ч. Баекова, биле албайм, бул тууралуу ойлонгон да эмесмин, мени башка маселелер кызыктырат деп, депутат Бакыт Бешимов, бул деген Орусиянын өзүнүн проблемасы, биз Батыш менен да, Орусия менен да мамилебизди бузуп албашыбыз керек, унчукпай коюунун өзү да –позиция деп, политолог Марс Сариев, бул маселеде Кыргызстандын карманган багыты эч кандай салмакка ээ болбогон соң Түштүк Осетия менен Абхазияны таанууга шашылбоо керек, кокус биз алардын өз алдынчалыгын таанысак эртең эле өзбектер автономия сурап чыгышы мүмкүн деп, “ДОС” кыймылынын координатору Алик Орозов, буга дейре КМШ өлкөлөрүнүн ар кандай, саммиттеринде, жыйындарда Орусия менен түбөлүк доспуз деп айтып келген сөзүн кыргыз жетекчилиги эми иш жүзүндө далилдей турган мезгил жетти. Мындан ары эки үстөлгө олтуруп алып төө куш саясатын жүргүзмөй учур бүттү. Бирок биздин жетекчиликтин Кавказ өлкөлөрүнүн өз алдынчалыгын тааныганга эрки жете албайт, андайга айласы түгөп, кайда барарын таппай карайлап калганда гана барат деп жооп берди.

“Аргументы и факты в Кыргызстане” гезити “Борбор Азия Европа менен Ислам дүйнөсүнүн ортосуна көпүрө боло алабы?” деген суроого жооп издеген макалалардын топтомуна орун берди. Коомдук саясат Институтунун деректири Муратбек Иманалиевдин пикири боюнча, Батыштын Борбор Азияны “демократташтыруу” аракетинен каалагандай натыйжа чыккан жок. Ал эми ислам таасири тууралуу сөз кылганда Борбор Азия башынан бери эле дүйнөлүк диндер менен цивилизациялык-маданий агымдардын ашташкан жеринде болуп келген. Азыркы доорго келсек өз алдынча мамлекеттүүлүгүн түптөгүсү келип аткан Борбор Азия мамлекеттери мына ошол байыртан келаткан интеграциялык-ортомчулук салтын кайрадан жандаткысы келүүдө деп айтты, М. Иманалиев.
XS
SM
MD
LG