Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:37

“БИРДИКТҮҮ КЫРГЫЗСТАН”: ӨКМӨТТҮ КЕТИРИП, АНТИКРИЗИСТТИК ӨКМӨТ ТҮЗҮҮ ЗАРЫЛ


Тутумуна мурдагы бийлик өкүлдөрү менен интеллигенциянын белдүү өкүлдөрү кирген “Бирдиктүү Кыргызстан” кыймылы өлкөнү энергетика жана азык-түлүк кризисинен чыгаруу үчүн азыркы өкмөттү кетирип, антикризисттик өкмөт түзүү жана тезинен энергетикалык жаңы программа кабыл алуу керек деп билдирди. Кыймыл мындай билдирүүгө кийинки жылдардагы өң-тааныштык менен түзүлгөн өкмөттөрдүн мамлекеттик деңгээлде эмес өз кызыкчылыгы үчүн иштегени негиз берди деп жарыялады.

Аталган кыймыл мүчөлөрүнүн маалыматы боюнча, билдирүүдө айтылган сунуштар “Кыргызстандын экономикалык стратегиясы” аттуу форумда окумуштуулар, кесипкөй адистер жана жарандык коом өкүлдөрү айткан пикирлердин негизинде такталган. Алар өлкө кептелип турган абал акырындап саясий-социалдык катуу кесепетке туш кылат дешип, аны болтурбоонун жолу катары өкмөттү тезинен кетирип, антикризистик өкмөт түзүп, ага атайын кабыл алынган конституциялык мыйзамдын негизинде өзгөчө ыйгарым укуктарды берүүнү сунушташкан. Кыймыл мындай сунуштарды кыргыздын салтына ылайык кадыр-барктуу аксакалдарды баштатып президентке жөнөткөн жатат дейт кыймыл лидерлеринин бири, экс-өкмөт башчы Амангелди Муралиев:

-Бизде салмактуу инсандар бар. Аларды президент менен жолуктуруп, кыймылдын сунушу менен тааныштырабыз. Ал топту башкарып, президентке Турдакун Усубалиев өзү барам деди.

Кыймылдын сунушу боюнча антикризисттик өкмөт эң ириде энергетикалык жаңы программаны иштеп чыгып, канча электр энергиясы өндүрүлүп жаткандыгын ачыктап, тармакты менчиктештирүүнү токтотушу, электр энергиясын экспорттоо баасын кайра карап, жарыкты өчүрбөстөн пайдаланууга чек коюусу жана кайрадан мамлекеттик энергетикалык холдинг түзүүсү зарыл. Ага тармактын азыркы жетекчилерин жолотпой жаңы көз караш, билимге сугарылган адистерди тартуу керек.

Бейөкмөт уюмдар ассоциациясынын төрайымы Токтайым Үмөталиеванын баамында, азыр андай жаштардын мууну бышып жетилди:

-Энергетика тармагын керек болсо эки айдын ичинде кризистен алып чыгып кете ала турган адистер бар. Аларга бир гана жол бериш керек. Эгер алдыдагы 20 күндүн ичинде тезинен чараларды кабыл албаса энергетика тармагы өрттөнүп күйө баштайт.

Анткен менен мындай сунуш бийлик саясатына дал келер-келбеси азырынча белгисиз. Президенттин басма сөз кызматынан башчысы Алмаз Турдумамбетовдун айтымында, ал тууралуу сөз сунуш президентке жеткенден кийин гана болушу мүмкүн:

-Азырынча бизге ал документтер түшө элек. Келип түшкөндөн кийин карап туруп бир чечим кабыл алынат го...

Кыймыл өлкөнү энергетикалык кыйын кезеңге, анын ичинде Токтогул суу сактагычында суунун азайышына туш кылган абалга укуктук жана саясий баа берүүнү да сунуш кылды. “Акыйкат” партиясынын төрагасы Кеңешбек Дүйшөбаев бийлик бул сунушту аткарбаса эл өзү баа берип коюушу ажеп эмес дейт:

- Укуктук жана саясий бааны биринчи кезекте мамлекет башчысы, анан өкмөт жана тиешелүү мекемелер бериш керек. Эгерде алар убагында баа берип, тиешелүү чараларды көрүп, элди туңгуюктан чыгаруу аракет кылбаса, албетте айласы кеткенде эл берет. А эл бергенден кийин аягы кандай бүтөөрү белгилүү да!

Ал эми өкмөттү түзүп, олуттуу мыйзамдарды кабыл алууда көпчүлүк болгон “Ак жол” фракциясынын өкүлү Бегалы Наргозуев кыймылдын мындай сунуштары абалды өзгөртүүгө ишеним жаратпайт деген ойдо:

-Менин оюмча “Ак жол” партиясы мындай сунуштарды колдобойт. Сунуштарда маңыз бар, бирок аларды эч кандай ызы-чуусуз эле жасаса болот. Албетте өкмөт бардык жактан жогорку деңгээлде иштеп жатат деп айта албайбыз. Бирок мынчалыкка барбай эле ишти жөндөп кетсе болот. Өкмөттүн кайсы бир мүчөсү өз функционалдык милдеттерин аткара албай жатса аны иштен кетирүү маселесин көтөрсө болот. Ал эми бүтүндөй өкмөттү ушул шартта кетирип, жаңысын түзүү дегенге мен каршымын.

Ал эми Амангелди Муралиев элдин сунуш-пикирин эске алууну мамлекет башчы катары президент гана чечет деген бекем ишенимде:

-Президент “Ак жол” партиясынын лидери. Ал кандай чечсе иш ошондой болот. Азыр президент ушул көйгөйгө көңүл буруп, өзү ойлонуп, элди ойлоп чечкиндүү кадамдарга барса “Ак жол” колдоп берет да! Анда маселе жок. Азыр деле эмне десе ошону аткарып берип жатпайбы!

XS
SM
MD
LG