Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:21

БУУ: ТҮРКМӨНСТАН АДАМ УКУКТАРЫ ЖААТЫНДА ТЕРИШТИРҮҮДӨН ЧЕТТЕ КАЛБАЙТ


Эдил Сапарбек уулу, Прага Өткөн аптада Бириккен Улуттар Уюмунун Адам Укуктары боюнча Кеңеши атуулдардын укугун коргоо жаатында өтө тынчсыздануу туудурган өлкө - Түркмөнстанга өзүнүн атайын баяндама жасай турган өкүлүн дайындоого каршы добуш берди. Адистер мындай чечимди аталган кеңештин ишиндеги кезектеги калпыстык катары баалашууда. Буга чейин эле БУУнун Адам Укуктары боюнча Кеңеши өзүнүн дүйнө жүзүндөгү олуттуу милдетин аткарууда мажирөөлүк кылып жатат деп курч сынга алынып келген.

Бириккен Улуттар Уюмунун Адам Укуктары боюнча Кеңешинин мындай чечими Түркмөнстанда адам укуктарынын тебеленип-тепселишин кылдат изилдөөгө үндөп келе жаткан укук коргоочуларды кабатырлантып, нааразылыгын жаратты.

Айтмакчы, буга чейин эле БУУнун аталган кеңеши укук коргоо жаатындагы маселелерди чечүүдө эрк-кайраты жетпей жатат делип улам-улам сынга алынып келген болчу.

Түркмөнстандын 2006-жылы декабрда каза болгон мурдакы президенти Сапармурат Ниязов (Түркмөнбашы) өзүмчүл, авторитардык саясаты жана адам укуктарынын сакталыш деңгээли өтө начар абалда болгондугу менен аттын кашкасындай таанымал эле.

Айрым талдоочулар Түркмөнстандагы соңку абал анын азыркы президенти Гурбангулы Бердимухаммедовдун тушунда анча-мынча жакшырды деген баасын айтышса, Леонид Комаровский сыяктуу башка укук коргоочулар бул өлкөдө эч кандай олуттуу өзгөрүү жок деп ишендирүүдө.

Леонид Комаровский АКШнын атуулу, мурда ал орусиялык журналист болгон. Ал 2002-жылы Ниязовго акаарат келтирди деп айыпталып, түркмөн түрмөсүндө беш ай отуруп да чыккан.

- Тилекке каршы, Түркмөнстандагы досторум үчүн эч кандай өзгөрүү болгон жок. Ал жактагы кырдаал азаптуу бойдон кала берүүдө жана жаңы президенттин шайланышы да эч нерсени өзгөртө алган жок. Түркмөнстандын азыркы режими да мурункудагыдай эле көңүл жипкирткен жексур режим. Мындай режимдин коомдо орун алууга акысы да жок.

Вашингтондун арачылыгы менен соттук териштирүүсү жок бошотулган Комаровский түрмөдө кармалган кезинде ур-токмокко алынганын жана баңги зат менен ууландырылганын кошумчалады.

Ал эми БУУнун Адам Укуктары боюнча Кеңешинин Түркмөнстан боюнча баяндама даярдоо үчүн өзүнүн атайын өкүлүн дайындоо аракети эмнеге майнапсыз аяктагынын азырынча так айтуу кыйын, анткени бул маселени добушка салуу жараяны жабык эшик артында өткөн.

Бирок «Хюман райтс уотч» укук коргоо уюмунун өкүлү Себастиан Зийонун (Sebastien Gillioz) айтымында, Түркмөнстан Бириккен Улуттар Уюмунун Адам Укуктары боюнча Кеңешинин бутасына илинбей калды деп бүтүм чыгарууга али эртелик кылат.

- БУУнун бардык мүчө өлкөлөрү электен өткөрүлөт. Декабрда башка мүчө өлкөлөрдөй эле, Түркмөнстан да кайра иликтөөгө алынат. Бул – коомдук ачык жараян. Бул – саясий жараян. Бул териштирүүдөн соң сунуштар тобу кабыл алынууга тийиш. Кошумчалап айтсам, дин ишеними боюнча атайын баяндамачы бир нече апта мурда эле Түркмөнстанда болуп кайткан. Ал айымдын баяндамасы келээрки март айында сунушталмакчы. Демек, Түркмөнстанга (адам укуктары жаатында) абдан көп кысым жасалмакчы. Мунун өзү – биз үчүн жагымдуу натыйжа.

Өткөн жумадагы добуш берүү маалында БУУнун Адам Укуктары боюнча Кеңешинин 47 мүчөсү 2003-жылдан бери жеке адамдардын Түркмөнстанга каршы жазган көп сандаган арыздарына расмий Ашгабаттын жооп берүүсүн талап кылышты.

Көбүнесе, бул арыздар адамдардын дайынсыз жоголуусу, негизсиз камакка алуу, өлтүрүү, кыйноо жана сөз эркиндигин басмырлоо учурларына байланышкан.

Бул маселелер боюнча өлкөдө жылыш бар же жогу БУУнун аталган кеңешинде 2009-жылдын март айында кайра каралмакчы.
XS
SM
MD
LG